Жаңы эле үч эм төрөгөн 53 жаштагы кызы тууралуу 72 жаштагы энеси айтып берди

Жазылуу
Үч эмдин таянеси жаңы төрөлгөн неберелери өкмөттүн көңүл сыртында калбаса деп тилейт. Ымыркайлар ооруканадан чыкса Бишкектеги батирге барышат.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. 31-декабрда жарыкка келген үч эмдин таянеси Жамиля Өмүралиева ымыркайлардын абалы жакшы экенин, аларды жарыкка алып келген 53 жаштагы улуу кызы Бишкектеги жеке клиникалардын биринде төрөттөн кийин жатканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Өмүралиеванын айтымында, анын беш баласы бар: улуусу кыз, калгандары эркек.

"Улуу кызымдын бир кызы бар. Ал азыр биринчи курста окуп жатат. Андыктан кызым "өзүм үчүн төрөйм" деп үч эмди төрөп алды. Биз бир бала болсо деп күттүк эле, Кудай Таала буйруп үч бала берип койду. Жаңы жыл күнү бизге жакшы жаңылык болду. Башыбыз көккө жетип сүйүнүп жатабыз. Кызым операция жолу менен аман-эсен көз жарды", — дейт ал.

Кош бойлуу кезинде кызы кычкыл тамактарга ыктап, ошолорду жегиси келгенин айтты.

Өмүралиева 53 жаштагы улуу кызы кесиби боюнча орус тилинен мугалим экенин кошумчалап, азыр жагдайга байланыштуу иштебей турганын кошумчалады.

"Кызым азыр жагдайга байланыштуу иштебейт. Бишкек шаарында батирде турат. Ушул турак-жай жагынан өкмөт жардам берсе жакшы болот эле", — дейт ал.

Үч эмди багууга Өмүралиева өзү жардам бере турганын айтты. Маңдайы жарыла сүйүнгөн Жамиля Өмүралиева 72 жашта, анын 14 небереси жана эки чөбөрөсү бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0