Жаңы жасалгаланган Эркиндик бульварындагы жарыктын кабелдерин кыркып кетишти

Жазылуу
Буга чейин Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын маңдайкы бетине орнотулган жарыктандыруу системасынын кабелдерин да кесип кетишкени маалымдалган.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Жаңы жылга карата жасалгаланган Эркиндик бульварында кабелдер кыркылып, отургучтарга ар кандай жазуулар жазылган факты аныкталганын мэрия билдирди.

Улуттук филармония мэриянын жаңы жылдык сынагын жеңип алды
Өткөн жылдын аягы менен Биринчи Май райондук администрациясы бульвардагы отургучтарды сырдап, жаңы эс алуучу жайлар, таштандыларды орнотуп, жарыктандыруу системасын жакшырткан.

Мындан тышкары, жаңы жыл алдында бульвардын Чүй проспектисинен Түгөлбай Ата көчөсүнө чейинки бөлүгү майрамдык жасалгаланган. Учурда бардык жасалгаларга зыян келтирилди.

Мэрия шаардыктарды муниципалитеттин мүлкүнө аяр мамиле жасоого чакырат. 

Буга чейин Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын маңдайкы бетине орнотулган жарыктандыруу системасынын кабелдерин да кесип кетишкени маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0