Манасчы Саякбай Каралаевге арналган энциклопедия жарык көрөт

© Sputnik / Э. Вильчинский / Медиабанкка өтүүЗалкар манасчы Саякбай Каралаев. Архив
Залкар манасчы Саякбай Каралаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Китепти Илимдер академиясы "Саякбай манасчы" коомдук фондусу менен биргеликте иштеп чыгууда.

БИШКЕК, 7-янв. – Sputnik. Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин энциклопедиясы чыга турганын Илимдер академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев билдирди.

Анын айтымында, китеп Илимдер академиясы менен "Саякбай манасчы" коомдук фондусу менен биргеликте иштелип чыгууда.

"Китепте Саякбай Каралаев боюнча маалыматтар, өмүр баяны, чыгармачылык жолу жана өзү айткан "Манас" эпосундагы сөздөрдүн түшүндүрмөсү камтылат", — деди Акматалиев.

1-1,5 миң беттен тура турган энциклопедия 1000 нуска менен февраль айында жарыкка чыгышы күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0