Айдоочу. Архив

Айдоочуларга салык төлөгөнүн тастыктаган чаптамалар бериле баштайт

42
(жаңыланган 09:32 15.01.2016)
Бүгүнкү күндө 400 миңден ашуун чаптама даяр болгону айтылууда. Ал унаанын маңдайкы айнегине чапталмакчы.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Унаа каражаты үчүн салык төлөгөн айдоочуларга акысыз чаптамалар бериле турганын Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Былтыркы жылдын ноябрь айында өкмөттүн токтому менен салык төлөгөнүн ырастоочу атайын чаптаманын үлгүсү бекитилген. Жалпы жонунан 800 миң чаптама даярдалып, анын өздүк баасы 3,57 сомду түзөт.

Бүгүнкү күнгө карата 420 миң даанасы даярдалып, салык органдарына таратылып берилди. 

Кагаздын өңү салык органынын чечими менен жыл сайын өзгөрүп турмакчы. Ал унаанын маңдайкы бетине чапталат.

Токтомго ылайык, унаа үчүн салыкты жыл сайын сентябрь айына чейин төлөө шарт. Өткөн жылдын эсеби боюнча салык алына турган унаалардын саны Кыргызстанда 637 миң 289ду түзөт. Ал эми салык катары өлкө казынасына 2015-жылы 689 миллион 308,5 миң сомго жеткен.

42
Белгилер:
Кыргызстан, салык, унаа, чаптама
Тема боюнча
ЖКК: унаа салыгы тууралуу квитанцияны инспекторлор талап кылууга укуктуу
Кабул шаары. Архив

ЖМК: талибдер өзбек тилин расмий макамынан ажыратып салды

69
(жаңыланган 00:12 19.09.2021)
Эгер мурунку бийликтин тушунда Афганистандын улуттук ассамблеясынын өкүлдөрү депутаттык кол тийбестикке ээ болсо, жаңы бийлик мындай артыкчылыкты алып салды.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы мыйзамда көрсөтүлгөн үч расмий тилдин ордуна экөөнү калтырып, башкаруунун жаңы системасы каралган убактылуу мыйзам чыгарды. Документ РИА Новостиге кыймылдагы адамдар тарабынан жөнөтүлгөнүн аталган агенттик жазды.

"Негиздер" деген аталыштагы мыйзамда Афганистандагы ханафит мазхабынын суннит исламы расмий дин болуп эсептелээри айтылат. Ал эми пушту менен дари тилдери расмий тил деп саналмакчы. Буга чейин Афганистанда түндүк провинциянын тургундары сүйлөгөн өзбек тили да расмий болуп келген. Мындан тышкары, өлкөдө басымдуу бөлүгүн хазарийлер түзгөн шиит общинасы бар.

Жаңы документке ылайык, Афганистанда ислам юристтеринин кеңеши жана жогорку кеңеш түзүлөт. Ага саясий ишмерлер, окумуштуулар жана ар провинциядан дин кызматкерлери кошулары айтылды.

Аткаруу бийлигин президент жетектейт, аны жарандар менен жогорку кеңештин мүчөлөрү шайламакчы. Добуш берүү ачык-айкын өтүшү үчүн шайлоо комиссиясы түзүлөт. Эгер мурунку бийликтин тушунда Афганистандын улуттук ассамблеясынын өкүлдөрү депутаттык кол тийбестикке ээ болсо, жаңы бийлик мындай артыкчылыкты алып салды.

Мыйзамда "британиялыктар, орустар жана америкалыктардан көз карандысыздык күнү" майрам болуп эсептелет деп жазылган.

Талибдер августтун башында активдешип, айдын орто ченинде Кабулга киришкен. Согуш аягына чыкканы жар салынып, 31-августта америкалык аскерлер толугу менен өлкөдөн чыгып кеткен.

7-сентябрда Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахунд жетектемей болгон. Өкмөт башчы 2001-жылдан бери БУУнун санкциясында.

Буга чейин талибдердин бийлиги менен кызматташууга Өзбекстан, Казакстан жана Кытай даярдыгын билдирген болчу.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

69
Белгилер:
Афганистан, 'Талибан' кыймылы, тил, макам, Өзбекстан, Казакстан, Кытай, мыйзам, документ
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Афганистандагы абал Борбор Азиянын келечегине кандай таасир этет? Пикир
Пикирлештердин саммити: ШКУнун Афганистан боюнча кадамы кандай болот
Балыкчы шаарындагы үйлөр. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

92
19-сентябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Жекшемби күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28...+33, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +23...+28 жана Нарын аймагында +24...+29 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +31...+33, Ош калаасында +33...+35 градуска жетет.

92
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат. Себеби