Кыргыз Эл баатыры Бексултан Жакиев 80 жылдык мааракесин өткөрүүдөн баш тартты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКыргыз Эл баатыры, драматург, прозаик Бексултан Жакиев.
Кыргыз Эл баатыры, драматург, прозаик Бексултан Жакиев. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жазуучу буга корогон акчаны тарыхты изилдеп, маданиятты өнүктүрүүгө жумшоо зарыл деп эсептейт.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кыргыз Эл баатыры, драматург, прозаик Бексултан Жакиев өзүнүн 80 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу залкар инсан премьер-министр Темир Сариевдин куттуктоосу учурунда билдирди.

Жакиев: менин мааракем руханий дөөлөттөрдү сактоого караганда 50 эсе бери турат
Анын айтымында, бүгүнкү күндө өсүп келе жаткан муунду туура багытта тарбиялоо башкы маселеге айланууда. 

"Мындай шаан-шөкөттөрдөн баш тартышыбыз керек. Андан көрө бул каражатты маданиятты өнүктүрүүгө, өлкөнүн тарыхын жайылтууга жумшоо зарыл", — деди Жакиев.

Өкмөт башчы жазуучу ушу күнгө чейин китеп күйөрмандарын жаңы чыгармалар менен сүйүнтүп келе жатканын белгилеп, бекем ден соолук, бакыбат карылык доор каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0