Акыйкатчы психикалык ооруканада жарым жылдан бери жаткан аялдын кызын таап берди

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүКызды кармаган аял. Архив
Кызды кармаган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Институттун кызматкерлери ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаевге кайрылып, аялдын кызынын номерин тактоого жетишкен. Учурда кызы энесин ооруканадан алып кеткени белгилүү болду.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Акыйкатчы институтунун жардамы менен психикалык ооруканада жаткан энесин кызы алып кеткенин аталган мекеме билдирди.

Өспүрүм баладар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы балдарга жасалган зомбулук боюнча кылмыш иштерди изилдейт
Маалыматка ылайык, аял психикалык саламаттык борборуна тез жардам менен өткөн жылдын май айында жалгыз алып келинген. Оорукананын жетекчилиги оорулуунун жакындарын аныктоо өтүнүчү менен бир нече ирет Октябрь жана Ленин РИИБ кайрылган, бирок эч натыйжа чыккан эмес. 

Андан кийин дарыгерлер акыйкатчыга жардам сурап кайрылышкан. Институттун кызматкерлери ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаевге кайрылып, аялдын кызынын номерин тактоого жетишкен. 

Учурда кызы энесин ооруканадан алып кеткени белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0