Атамбаев эл баатыры Бексултан Жакиевди 80 жылдык юбилейи менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаевдин атынан жазуучуну президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Улукбек Марипов Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиевди куттуктады.
Атамбаевдин атынан жазуучуну президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Улукбек Марипов Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиевди куттуктады. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жазуучу жана драматург мамлекет башчысына кыргыз искусствосуна көрсөтүп жаткан колдоосуна ыраазычылыгын билдирди.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиевди 80 жылдык юбилейи менен куттуктады деп билдирди президенттин маалымат кызматынан. 

Драматург, прозаик Бексултан Жакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бексултан Жакиев: тойлор коммерцияга айланып кетти — көйрөңдөнүү, мактануу
Атамбаевдин атынан жазуучуну президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Улукбек Марипов куттуктап келди. 

"Сиздин чыгармаларыңыз бизди таасирлентип жана алдыга жетелеп турат. Турмуштук жана чыгармачылык тажрыйбаңыз жаш кыргызстандыктар үчүн үлгү. Президент Алмазбек Атамбаев сиздин кыргыз искусствосуна кошкон салымыңызды жогору баалайт", — деди Марипов.

Жазуучу Жакиев мамлекет башчыга кыргыз искусствосуна көрсөтүп жаткан колдоосуна ыраазычылыгын билдирди.

Кыргыз Эл баатыры, драматург, прозаик Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январь күнү Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында жарыкка келген.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0