КРдеги балдар ойлоп тапкан буюмдар: GPS орнотулган капчык жана керемет-сызгыч

© Sputnik / Табылды КадырбековКара жорго жана Gangnam Style бийлеген робот. Архив
Кара жорго жана Gangnam Style бийлеген робот. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш ойлоп табуучулардын дүйнөлүк күнүнө карата Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик жаш ойлоп табуучулардын жасаган иштерине көз салды.

Жемиш кошулган балмуздак, пластилин, азиздердин жазуусу үчүн колдонулган Брайл шрифти – булар балдар ойлоп тапакан буюмдардын бери эле жагы. Дүйнөгө болгон башкача көз караш, адаттан тыш ойлонуу, кыйналуу жаңы ачылыштарды, жаңы ийгиликтерди жаратууга түрткү болот

Биздин күнүмдүк турмушту жеңилдете турган нерселерди жасаган кыргызстандык жаш ойлоп табуучулар өздөрүнүн сырлары менен бөлүштү.

Теңирбек Карыпжумаев, 17 жашта жана Нурсултан Шакиров, 16 жашта — керемет сызгычты ойлоп табышкан:

— Биз көп милдетти аткарган сызгычты жасадык. Аны жасоо идеясы сабактардын биринде мугалим керектүү окуу куралдарынын (сызгыч, циркуль жана транспортир) жоктугунан 20 баллды алып салганда пайда болгон. Мынча баллдын алынышы окуудагы жетишкендиктерге терс таасирин тийгизмек. Себеби, Нарын Кыргыз-Түрк лицейинде окуучулардын жетишкендиктерин баалоочу 100 баллдык окуу системасы бар.

© предоставлено Нурсултаном ШакировымОригинальные изобретения юных кыргызстанцев
Оригинальные изобретения юных кыргызстанцев - Sputnik Кыргызстан
Оригинальные изобретения юных кыргызстанцев

Буга маанайыбыз түшүп, кол куушуруп отуруп калгандын ордуна көп милдетти аткара турган бир эле окуу куралды жасоону ойлондук. Себеби, сабакка көптөгөн окуу куралдарын алып келүүгө туура келет эле. Биздин жасаган буюмубуздун баардыгы үчүн ыңгайлуу жана жөнөкөй болуп, жана эч кыйынчылыксыз колдонулса деп максат кылдык. Мындан акча таап кетели деген ой деле болгон жок.

Дүйнөлүк билим олимпиадасында кыргызстандык окуучу мыктылардын үчилтигине кирди
Ошентип биздин ноу-хау – көп милдетти аткарган сызгыч пайда болду. Аны кары-жашы дебей бары колдоно алат.

Биз бул жасаган сызгычыбызды бир катар эл аралык конкурстарга жана олимпиадаларга алып барып көрсөттүк. Казакстандан алтын медаль, Индонезиядан күмүш утуп алдык. Ал эми Genius компаниясы тарабынан АКШда уюштурулган олимпиадада төртүнчү орунга татыдык.

Таснима Азизова, 16 жашта — GPS системасы бар, бармак издери менен гана ачыла турган капчыкты ойлоп тапкан:

— "Акылдуу" капчыкты жасоо ою мага капысынан эле келди. Сабактан чарчап келе жатканда курбум капчыгын алдырып жибергенин билдик. Ошондо мен эгер капчыкта GPS системасы болгондо аны оңой эле таап алмакпыз деп ойлодум. Анан кээ бир телефондордо болгондой эле бармак издери менен ачылуучу Touch ID болгондо анын ичиндегилерди ала албай калмак дедим.

© предоставлено Таснима АзизовойОригинальные изобретения юных кыргызстанцев
Оригинальные изобретения юных кыргызстанцев - Sputnik Кыргызстан
Оригинальные изобретения юных кыргызстанцев

"Акылдуу" капчыктын бардык системасын иштеп чыгуу үчүн мага болгону төрт гана күн кетти. Бирок, менде жетиштүү каражат болбогондуктан анын үлгүсүн дагы жасап чыгууга мүмкүнчүлүк жок. Азыр бардыгы даяр, каражат болсо эле жасап баштайм.

Мен бул идеямды Түркиянын Эскишехир шаарында болгон эл аралык олимпиадада көрсөткөм. Өзгөчө идея үчүн деп калыстардын атайын сыйлыгына татыдым. Конкурстун уюштуруучулары аны ишке ашырууга жардам берерин айтышты.

Алинур Уланбеков, 17 жашта — турмуш-тиричиликте колдоно турчу шамал генераторунун моделин жасаган:

Кыргызстандык ойлоп-табуучу шамал-генераторун "ЭКСПО-2017" көргөзмөсүнө коюуга ниеттенүүдө
— Шамал менен иштеген генераторду иштеп чыгуу идеясын мага физика мугалими берген. Электр кубатын алуу темасы Кыргызстанда популярдуу, ошол эле учурда машакаттуу дагы. Менин ойлоп тапканым аз да болсо мамлекетке бул маселени чечүүгө жардам берет деп ойлойм.

Мен шамал генератордун беш үлгүсүн ойлоп жасадым – алар шамалдын энергиясын алып аны күнүмдүк турмушта колдоно турчу кубатына айландырат. Эсептөөлөрүм боюнча, аны Боом капчыгайындагы Көк-Мойнок айылына орнотсо ар бир орнотулган генератор беш киловатт саат энергия иштеп чыкмак.

Бул аймакка шамал генераторун орнотуу абдан ыңгайлуу. Себеби, бул жерде шамалдын ылдамдыгы саатына 15-20 чакырымга жетет.

Каражаттын жоктугунан бул идеямды ишке ашыруу боюнча ойлоно элекмин. Ошентсе да менин бул демилгем жергиликтүү жана республикалык конкурстарда жакшы бааларга татыган. Мен буга сыймыктанам.

Жаңылыктар түрмөгү
0