Дин аалымдары Баткен облусун кыдырып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп бүттү

© Фото / пресс-служба УВД Жалал-Абад"Экстремизм деген эмне" буклет-кагазы. Архив
Экстремизм деген эмне буклет-кагазы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул ирет жолугушууга аялдар да катышып, алар өздөрүн кызыктырган бир нече суроолорду беришти.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Аалымдар кеңешинин өкүлдөрүнүн Баткен облусунун жергиликтүү жашоочуларына туура диний түшүнүктөрдү калыптандыруу, тыюу салынган агымдардын азгырыктарына кирип кетпөө боюнча окуулары аяктады. Казыяттын маалымат кызматынын маалыматына ылайык, алар 14-январдан 17-январга чейин бир нече айылдарда болушту. 

"Соңку жолугушууга Баткен шаары менен аталган райондун жашоочулары келишти. Бул ирет аялдар да жолугушууга катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Жыйын учурунда кыз-келиндер тарабынан бир нече суроолор берилди", — деп билдирди маалымат кызматынан.

Бул сапар да карапайым элге башка агымдарга азгырылбай жана кыраакы болуусу боюнча кеңештер айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0