Атамбаев жеке ооруканаларда орган алмаштырууга уруксат берүү мыйзамын колдогон жок

© Sputnik / Жоомарт УраимовХирург жумуш учурунда. Архив
Хирург жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаевдин пикири боюнча бул мыйзам жашоо жана ден соолук сыяктуу аяр маселени козгоп, адамдын жеке кол тийбестигине тиешелүү. Президент бул долбоорго өзүнүн сын көз карашын билдирди.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Адам органын жана ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө каршы экенин билдирип, мыйзам долбоорду Жогорку Кеңешке кайтарып берди.

Парламент тарабынан өткөн жылдын ноябрь айында кабыл алынган мыйзамда жакын туугандардын органын же тканын алуу, даярдоо жана алмаштыруу менен алектенүүгө жеке ооруканаларга да уруксат берүү каралган. 

Кызды кармаган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы психикалык ооруканада жарым жылдан бери жаткан аялдын кызын таап берди
Президент жеке мекемелерге мындай укук менен бирге жашоо, ден соолук жана адамдын жеке жашоосунун кол тийбестиги сыяктуу аяр нерселер ишенип бериле турганын белгиледи.

Атамбаевдин айтымында, орган жана ткандарды алуу, даярдоо жана трансплантациялоо, жакын тууган-урукту аныктоо, ошондой донор менен оорулуунун макулдугун алуу укугун берүү үчүн медициналык мекемелерди катаал критерийлердин негизинде тандоо зарыл. 

"Муну менен бирге донорлордун орган берүүгө макулдугун текшерүүнүн ачык-айкын механизмдерин иштеп чыгуу керек. Оорулууга операциядан кийинки берилген кепилдик күчөтүлүп, жеке медициналык мекемелердин жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин күчөтүү керек", — деп айтылат өлкө башчынын каршылыгында.

Детский дом в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда органга сатылып кете жаздаган россиялык балдарды туугандары алмай болду
Бул маселелерди Атамбаев өкмөттүн актылары менен чечүүнү сунуштады. Анын айтымында, айрым өзгөртүүлөр орган алмаштыруу процедурасын өткөрүүгө даяр болгон жеке мекемелердин ишмердүүлүгүн жөндөп турат.

Президент сунушталып жаткан мыйзамдын редакциясында өкмөт трансплантациялоого уруксат алган мекемелерди операцияга жасоого уруксат берүү негиздери менен процедураны көзөмөлдөбөстөн, ишмердүүлүгүн жөнгө салуу менен чектелип калганын белгиледи.

Атамбаев аталган мыйзам долбооруна каршы пикирин парламентке жөнөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0