Кызыл китепке киргизилген архар жаныбары. Архив

Сариев сейрек кездешкен жаныбарларды аткандарды мыйзам чегинде жазалоону буюрду

102
(жаңыланган 08:51 20.01.2016)
Премьер өлкө аймагын байырлаган жан-жаныбарларды сактоо ар бир жарандын милдети экендигин айтты.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өкмөт башчысы сейрек кездешүүчү жаныбарларды аткандарды мыйзам чегинде жазалоону жана аларга аңчылык кылгандарга күрөштү күчөтүүнү тапшырды. Бул туурасында өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов кабарлады.

"Премьер-министр өлкө аймагын байырлаган жан-жаныбарларды сактоо ар бир жарандын милдети экендигин белгилеп, бул жаатта бардык жарандар биргеликте иш алып барышы керектигин билдирди",— деди ал.

Учурда коомчулукта кечээ Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүндө кызыл китепке кирген жаныбарлардын бири — илбирсти атып, терисин жана башын алып келе жаткан кишини тартип коргоо органдары колго түшүргөн. 

Учурда илбирсти аткан киши Каракол шаарындагы Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына отургузулган.

Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнөн кармалган жаран жасагандарын өз моюнуна алганын билдиришти. Ага карата мыйзамсыз аңчылык боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул көрүнүш кыргыз коомчулугунда талкууга алынууда. 

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан жапайы жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды атууга мыйзамсыз лицензиялардын берилишине байланыштуу өлкөдө убактылуу аңчылыкка тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору сунушталып жатат.

Учурда ак илбирсти аткандарга 500 миң сом айып салынып, же үч жылга чейин эркинен ажыратылат.

102
Белгилер:
Темир Сариев, аңчылык, ак илбирс, браконьер
Тема:
Ысык-Көл облусунан атылган ак илбирс (7)
Тема боюнча
Ысык-Көлдөн ак илбирсти аткан киши камакта
Эксперт: илбирстин терисин сактап же белек кылгандарды жоопкерчиликке тартуу керек
Башкы прокуратура. Архив

Башкы прокуратура Жээнбеков менен Зулпукаров канткенде абактан чыгарын айтты  

117
(жаңыланган 22:26 07.12.2021)
Башкы көзөмөл органы мындан аркы кадамдар парламенттин чыгарган чечимине жараша болорун белгилеп жатат.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигеновду жоопко тартуу сунушу тууралуу түшүндүрмө берди.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына ылайык, парламент макулдук берген учурда аталган депутаттар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ал эми макулдук берүүдөн баш тартса, алардын камактан бошотулушуна негиз болот. Депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин иш өндүрүштөн убактылуу токтотулат.

“Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында башкы прокурордун сунуштамаларын карап, добуш берүү жолу менен депутаттарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же баш тартуу чечимин кабыл алат. Демек, кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим Жогорку Кеңештин корутундусунун негизинде каралат”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ноябрдын аягында башкы прокурор Курманкул Зулушев үч эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган.

Натыйжада анын сунуштамасын кароо үчүн жети депутаттан турган комиссия түзүлдү.

Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.

Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен шайлоонун алдында кармалган.

117
Белгилер:
Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Башкы прокуратура, чечим, абак
Тема боюнча
Абакта отурган Жээнбеков менен Зулпукаровдун кандай байлыгы бар
ПЦР-тест тапшырып жаткан адам. Архив

Россия ПЦР-тесттин жарактуу мөөнөтүн кыскартты. Кыргызстандыктарга таасир этеби? 

74
(жаңыланган 21:48 07.12.2021)
Мындай чечим коронавирустун өтө жугуштуу "омикрон" штаммы жайылып жатканына байланыштуу кабыл алынган.  

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Россияда коронавируска каршы тапшырылган ПЦР-тесттин жарактуу мөөнөтү 72 сааттан 48 саатка чейин кыскартылды. Бул тууралуу РИА Новости Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Поповага таянуу менен билдирди.

Мындай чечим коронавирустун өтө жугуштуу "омикрон" штаммы жайылып жатканына байланыштуу кабыл алынган.  

Ошондой эле Попова Россияда колдонулуп жаткан ПЦР-тесттердин баары "омикрон" штаммын жугузгандарды дагы аныктай аларын белгилеген.

Эскерте кетсек, учурда Россияга бара жаткан кыргызстандыктар милдеттүү түрдө 72 сааттан кечиктирбей ПЦР-тест тапшырып, терс жыйынтыгын көрсөткөн сертификат менен кетишет. Демек, изилдөөнүн жыйынтыгынын жарактуу мөөнөтү дагы 24 саатка кыскарат.

74
Белгилер:
ПЦР-тест, Россия, кыскартуу, 'омикрон' штаммы
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Спутник V" вакцинасы "омикрондон" канчалык коргой аларын дарыгер айтып берди
Казакстан өлкөгө кирүү эрежесин катаалдаштырып, чектөө киргизет
АКШ долларлары. Архив

Улуттук банк бүгүн 71,3 млн. доллар сатып, дагы бир рекорд жаратты    

0
(жаңыланган 22:34 07.12.2021)
Мурунку рекорд эки жума мурун катталган. Анда башкы финансылык ведомство 70,3 миллион долларлык интервенция жасаган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Улуттук банк бүгүн, 7-декабрда, валюта рыногуна 71,3 миллион доллар сатты. 

Бул 2010-жылдан бери жүргүзүлгөн эң ири интервенция (андан мурунку жылдарга карата маалымат ачык булактарда жок).

Буга чейинки рекорддук көрсөткүч 23-ноябрда катталып, 70,3 миллион доллар сатылган болчу.

Ушуну менен быйылкы жылдын эсебинен 14 жолу интервенция жасалды. Бул аралыкта сатылган доллардын суммасы 633 миллионго жетти. Улуттук банк 24-ноябрда накталай түрүндө дагы 38 миллион доллар саткан.

0
Белгилер:
Улуттук банк, интервенция, доллар, сатуу
Тема боюнча
Улуттук банк ноябрда сомдун курсун кармап туруш үчүн канча акча коротту
Президент салыктан бошоткон ишканаларга беш талап койду. Тизме