БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. "Себат" билим берүү мекемесинин окуучулары Эл аралык The World Scholar’s Cup дебат турниринде беш алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.
Турнирдин биринчи туру 9-10-январь күндөрү өтүп, анын жыйынтыгы менен Кыргызстандан барган үч окуучу беш алтын жана алты коло медаль тагынды. Мындай жыйынтык менен кыргызстандык окуучулар финалдык бөлүккө жолдомо алышты.
Финал Таиланддын Бангкок шаарында өтөт, ага дүйнөнүн мыкты 300 командасы чакырылган.
Финалдык турдун жыйынтыгы менен 100 команда супер финалга чыгат. Ал Сингапурдун Йель коллежинде болот.
Дебаттар англис тилинде өткөн.
Буга чейин декабрь айында Түштүк Кореяда өткөн XII International Junior Science (IJSO- 2015) олимпиадасында кыргызстандык окуучу коло медалга татып, эң мыктылардан аталган.