Адис: тумоолоп кайрылган шаардыктардын 14 пайызынан "чочко тумоосу" табылган

© Sputnik / Яков Андреев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы эмдөө бөлмөсү. Архив
Ооруканадагы эмдөө бөлмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл арасында "чочко тумоосу" деп аталып калган грипптин бул түрү алгач ирет Кыргызстанда 2009-жылы катталган. Учурда андан чочулоонун кереги жок экенин адистер айтышат.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жыл башынан бери сасык тумоолоп кайрылган шаар тургундарынын 14 пайызында H1N1 гриби табылганын Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, январь айында Казакстанда "чочко тумоосунан" бир киши каза болгонун алардын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин билдирген.

Оторбаеванын айтымында, 14 пайыздык көрсөткүч медициналык жардам сурап кайрылгандардан алынган лабораториялык анализдерге таянып чыгарылган. 

"Бизге медициналык жардам сурап кайрылгандардын 14 пайызында H1N1 грибинин вирустары бар экени аныкталган. Андыктан, сыркоолоп калган жарандарга сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылгыла деп кеңеш берип жатабыз", — деди Оторбаева. 

Ал H1N1 гриби эл арасында "чочко тумоосу" деп аталып калганын белгилеп, грипптин бул түрү алгач ирет Кыргызстанда 2009-жылы катталганын айтып, учурда андан чочулоонун кереги жок экенин белгиледи. 

"Грипптин бул түрү биздин өлкөдө 2009-жылы катталган. Ошол жылы дүйнө жүзү боюнча H1N1 грипп пандемиясы жүргөн. Алты жылдан бери бул илдет бизде сезондук грипп катары катталып келет. Адам баласы "чочко тумоосу" менен түздөн түз оорубайт. 2-3 грипптин түрү биригип мутацияга айланганда грипптин жаңы түрү пайда болот. Анын курамында" чочко тумоосунун" элементтери бар болгондуктан, калк арасында ал "чочко тумоосу" деп аталып калган", — дейт Оторбаева.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Венера Майтиеванын маалыматында, 11- 17-январь арасында грипп менен ооруп медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны 6 120 кишиге жетти. Ал мындай көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп экенин кошумчалады.

Майтиева грипп өнөкөт ооруларды козгоп, аны өрчүтүп жибериши мүмкүндүгүн жана мындай учурда сөзсүз медиктерге кайрылуу зарылдыгын айтты. 

"Өнөкөт оорулар менен жабыркагандар гриппке каршы эмдөөдөн өтүп койсо ашыктык кылбайт. Эгер киши сасык тумоо менен ооруп калса биринчи кезекте алдын алуучу жөнөкөй чараларын көрүп – башкаларга жугузбаш үчүн маска тагынышы кажет. Андан сырткары иммунитет түшүп кетпеши үчүн күчтүү тамактанышы керек. Эң негизгиси, дарыгерге кайрылуу зарыл", — дейт ал.

Медициналык маска кийген мектеп окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Январдын биринчи жумасында өлкө боюнча сасык тумоо менен ооруган 1943 учур катталган
Майтиева эгер тумоологон киши убагында дарыгерге кайрылып, тийиштүү дарыланса грипп өмүргө эч кандай коркунуч туудурбай турганын айтты.

Анын маалыматында, өлкө боюнча 30 миңден ашык киши гриппке каршы эмдөөдөн өткөн. 

Майчиева учурда "Ош", "Манас" эл аралык аэропортторуна жана Кытай менен чектешкен "Торугарт", "Эркечтам" чек ара бекеттерине тепловизорлор орнотулганын кошумчалады. Тепловизорлор мамлекетке келип жаткан кишилердин дене табы көтөрүлүп, көтөрүлбөгүнүн иликтеп, грипп менен ооруган кишилерди аныктоого жардам берет.

Жыл сайын Кыргызстан боюнча орто эсеп менен 150-170 миң киши грипп менен ооруйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0