Салык кызматы 700 литрлик ичимдикти жок кылды

© Sputnik / Табылды КадырбековАлкоголдук продукцияны жок кылуу учурунда.
Алкоголдук продукцияны жок кылуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Контрафактык продукция соттун чечими менен Бишкектин борбордук канализациясына төгүлдү. Анын бир бөлүгү этил спирти болуп кайра иштетилет.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы мыйзамсыз соодадан алынган 700 литрден ашуун алкоголдук продукцияны жок кылганын аталган мекеме билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик салык кызматы мыйзамсыз соодадан алынган 700 литрден ашуун алкоголдук продукцияны жок кылды
1/4
Мамлекеттик салык кызматы мыйзамсыз соодадан алынган 700 литрден ашуун алкоголдук продукцияны жок кылды
© Sputnik / Табылды КадырбековАрак, коньяк, бальзам, сыра жана шарап Бишкектин борбордук канализациясына төгүлдү
Арак, коньяк, бальзам, сыра жана шарап Бишкектин борбордук канализациясына төгүлдү - Sputnik Кыргызстан
2/4
Арак, коньяк, бальзам, сыра жана шарап Бишкектин борбордук канализациясына төгүлдү
© Sputnik / Табылды КадырбековМындай чечим Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы агенттигинин корутундусуна негизделген
Мындай чечим Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы агенттигинин корутундусуна негизделген - Sputnik Кыргызстан
3/4
Мындай чечим Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы агенттигинин корутундусуна негизделген
© Sputnik / Табылды КадырбековМындан тышкары, соттун чечимине ылайык, 5261 бөтөлкө арак жана курамында спирти бар 154 литр продукцияны этил спиртине айландырышат.
4/4
Мындан тышкары, соттун чечимине ылайык, 5261 бөтөлкө арак жана курамында спирти бар 154 литр продукцияны этил спиртине айландырышат.
1/4
Мамлекеттик салык кызматы мыйзамсыз соодадан алынган 700 литрден ашуун алкоголдук продукцияны жок кылды
2/4
Арак, коньяк, бальзам, сыра жана шарап Бишкектин борбордук канализациясына төгүлдү
3/4
Мындай чечим Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы агенттигинин корутундусуна негизделген
4/4
Мындан тышкары, соттун чечимине ылайык, 5261 бөтөлкө арак жана курамында спирти бар 154 литр продукцияны этил спиртине айландырышат.

Арак, коньяк, бальзам, сыра жана шарап Бишкектин борбордук канализациясына төгүлдү. Мындай чечим Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы агенттигинин корутундусуна негизделген.

Арак бөтөлкөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Он айда 220 миң бөтөлкөдөн ашык мыйзамсыз спирт ичимдиги алынган
Мындан тышкары, соттун чечимине ылайык, 5261 бөтөлкө арак жана курамында спирти бар 154 литр продукцияны этил спиртине айландырышат. 

Былтыр рейд учурунда 772 чарбалык субъект текшерилип, мыйзам бузган 190 факт катталган. Натыйжада 20,4 миллион сомдук 240 миңге чукул бөтөлкө контрафакттык алкоголдук продукция тартып алынган.

Укук коргоо органдарына жасалма акциздик марка жана лицензиясыз иштен тартып алынган 27 материал жөнөтүлгөн. Анын 17си боюнча кылмыш иши козголуп, 8и кароодо турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0