Атамбаев: калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо — башкы маселе

Жазылуу
Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Улуттук энергетикалык холдингдин жетекчиси Айбек Калиевди кабыл алды.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Өлкө энергетиктеринин алдында ири гидроэлектрстанцияларын реконструкциялоо маселеси турганын президент Алмазбек Атамбаев Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиевди кабыл алуу учурунда билдирди.

Электрикчи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк банк Кыргызстандын энергетика тармагын реформалоого колдоо көрсөтөт
Жолугушууда Калиев мамлекет башчысына жылуулук берүүнүн жүрүшү жана өлкөнүн энергетикалык системасынын абалы тууралуу маалымат берип, ири долбоорлордун ишке ашуусу тууралуу кабардар кылды. Мындан тышкары, өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча инвесторлордон түшүп жаткан сунуштар айтылды.

Атамбаев энергетиктер жылуулук берүү мезгилинин ийгиликтүү өтүшү жана калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн күч жумшоо керектигин белгиледи.

Өлкө башчы муну менен бирге алдыда ири гидроэлектрстанцияларды реконструкциялоо, Бишкек ТЭЦин жана башка негизги электр түйүндөрүн жаңылоо маселеси турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0