Аламүдүндө Үркүндүн 100 жылдыгына карата бир айлык башталды

© Sputnik / Роман Денисов / Медиабанкка өтүүАтчан киши тоодо. Архив
Атчан киши тоодо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт быйыл мамлекеттик деңгээлде белгиленүүчү иш-чаралардын катарына 1916-жылы болуп өткөн кыргыз элинин улуттук-боштондук кыймылынын 100 жылдыгын кошкон.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Аламүдүн районунун борбордук китепканасында 1916-жылдагы трагедиялуу окуялардын 100 жылдыгына арналган "Тарых сабактары" аттуу бир айлык башталды. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үркүнгө карата тартылуучу тасма күзүндө даяр болот
Маалыматка ылайык, иш-чара каргашалуу окуяга байланыштуу сүрөттөр жана документалдык материалдар менен коштолгон көргөзмө ачылды. Анда Мамлекеттик тарых музейинин кызматкерлери кыргыз элинин улуттук-боштондук кыймылы тууралуу кеңири айтып беришти. 

"Тарых сабактары" 21-февралга чейин уланып, билим берүү жана маданият мекемелеринде ар кыл иш-чаралар өткөрүлмөкчү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0