Депутаттар келерки аптада аймактарга кетет

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүПортфель кармаган кишилер. Архив
Портфель кармаган кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрү 25-29-январь аралыгында өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде жолугат.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Жогорку Кеӊештин депутаттары келерки аптада төрт күнгө округдарга шайлоочулар менен жолугушууга кетет. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Эл өкүлдөрү 25-29-январь аралыгында өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алпарат. Бул боюнча кечээги жыйында парламентарийлер атайын токтом кабыл алышты.

Эс алуудан келгенден кийин депутаттар жумада — бир күн иштешет, регламент боюнча — ал күнү фракциялардын иштөө күнү. Ал эми ишемби, жекшемби эс алуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0