БИШКЕК, 22-янв. – Sputnik. Россиянын ички иштер органынын кызматкерлери тарабынан издөөгө алынган 19 жаштагы улан Кыргызстандан табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Россиянын ИИМине 2015-жылдын сентябрь айында өлкөнүн жараны кайрылып, уулу үйдөн чыккан бойдон кайтып келбегенин айткан. Мындан улам, 8-сентябрдан тарта издөө иштери башталган.
Такталган маалыматтар боюнча, ал атасы жашаган Россиянын Саха Республикасына конокко барган. Кийин, атасына кабарлабастан Кыргызстанга баса берген.
Табылган бала качып сурай келгенде себебин айта алган эмес.
Маалымат кызматы учурда ал Чүй облусунун аймагындагы мектептердин биринде билим алып жаткандыгын кошумчалады.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Нарын районунда курамында алтын бар делген ак түстөгү таштарды мыйзамсыз негизде алып келе жаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
16-январь күнү Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери "Мал уурулук" аталышындагы ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чараларын өткөрүшкөн.
Анын алкагында таңкы саат 05:50лөр чамасында Нарын районунун аймагынан УАЗ үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп текшерилген.
"Натыйжада Нарын районунун беш тургуну Солтон-Сары жайлоосунун Көл-Төр аймагынан курамында алтын бар делген ак түстөгү үч капка салынган таштарды алып келе жаткан жеринен кармалган", — дешти милициядан.
Факты Нарын РИИБи тарабынан каттоого алынды. Ак түстөгү таштарга тиешелүү экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
2020-жылы пандемия убагында 19 миллион жүргүнчү ташыдык. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 10 миллион кишиге аз. Бул тууралуу Талантбек Капаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, троллейбус айдоочуларынын айлык акысы 12-20 миң сомго жетет.
"Бишкек троллейбус башкармалыгында 183 троллейбус бар. 120 транспорт 11 маршрут боюнча линияга чыгып, каттамдарды тейлейт. Жалпы жамаатта 700дөй кызматкер иштейт. Ишканага 2013-жылы 79 жаңы троллейбус, 2018-жылы дагы 52си алынган. Ал эми 1989-1990-жылдары чыгарылган жалпы 27 троллейбустун эскилиги жеткендиги тууралуу мэрияга айтылды. 2020-жылдын башынан тарта "Тулпар" көзөмөл кызматы менен иштеше баштадык. Шаар тургундары электрондук билетке толугу менен өтсө жүргүнчүлөрдүн саны, бюджетке түшкөн каражат боюнча ачык-айкындуулук болот эле", — деди Капаров.
Жетекчи ошондой эле бир троллейбусту капиталдык ремонттон өткөрүүгө болжол менен 150 миң сом талап кылынарын кошумчалады.