Сагынычтуу салам кат… Өлкөдө өлбөй келаткан эпистолярдык жанр

Жазылуу
Бүгүнкү күндө "Whatsapp" "Facebook" баш болгон интернеттик байланыш кызматтарынын көбөйүшү кадимки почточунуы ишсиз калтыра алган жок.

Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү почта кызматына кайрылып, азыр өткөн мезгилдегидей кат жазышуу дагы деле калдыбы, жокпу кызыгып көрдү. Почтада эмгектенген Анара Калпаева менен Мимоза Жээнбекова интернет өрчүгөнүнө карабастан, эпистолярдык жанр жакшынакай эле жашап жатканын айтып беришти.

Эки миллион каттын эсебинен түшкөн 17 миллион 

Жайлоодо чуркап бараткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айылга кат. Кышында үйгө жем издеп келген кыргоолдор. Каныбек Иманалиевдин каты
Интернет алыскы аймактардын бардыгына өзгөчө, тоолуу жактарга жакшы жете элек. Ал эми почта байланышы бардык дубандарда бар. Андыктан, бул кызмат рыноктон толугу менен сүрүлүп чыга элек. Тескерисинче, почта аркылуу кат жөнөтүү жыл сайын өсүп жатыптыр. Мисалы, 2015-жылы 10 пайызга арбып, кат жөнөткөндөрдүн саны эки миллионго жакындаган (1 миллион 771 миң 500). Мындан улам, кыргыз почтасы дубандар аралык кат жөнөтүүдөн эле 2015-жылы 17 миллион сом таба алды. Майрам же туулган күндөргө куттуктоо открыткалары дагы деле арбын жиберилип турат. Бул телефондон байланышканча алда канча маанайды көтөргөн жагымдуу учур дешти почтада иштегендер. Каттарды карапайым эл менен катар ведомстволор аралык мекемелер жөнөтөт.

Чет элдиктер менен кыргыздардын кат алышуусу дагы активдүү жүрүп келет. Тагыраагы, 2015-жылы 9 айдын ичинде кыргызстанга 286 миң кат келсе, 136 миң кат чет өлкөгө жиберилген. Ал эми эл аралык тез жеткирүү почта кызматы аркылуу чет өлкөгө 1800 кат жана посылкалар жөнөтүлгөн.

Кыргыз почтасы элге эмне кызмат көрсөтөт?

Бүгүнкү күндө кыргыз почтасы пенсия, жөлөк пул, гезиттерге жаздыруу, коммуналдык төлөмдөрдү кабыл алуу жана интернет дүкөндөрүндө сатылган продукцияларды кардарларга жеткирүү кызматтарын аткарат.

Кыргыз почтасы Бишкектеги ири үч интернет дүкөндөрү менен келишим түзө алган. Интернеттен сатылган продукцияларды почта кызматкерлери кардарлардын колуна жеткирип берет. Бул 2015-жылы 11 миллион сом киреше берген. 

Почточу болуу оңой эмес

Диль: "Кыргыз почтасы" ишканасынын негизинде почта банкы түзүлөт
Республика боюнча 920 почта байланыш бөлүмдөрү бар. Анын 870 бөлүмү айыл аймактарда жайгашкан. Жалпысы болуп, 3 745 адам иштейт. Айлыктары 7 700 сомдун тегерегинде, анын 17 пайызын соцфонд кармап калгандан кийин, колго 6 391 сом тиет. Мындан сырткары көпчүлүк аймактардын почта байланыш бөлүмүндө бирден гана кызматкерлер иштейт. Алар каттарды жөө-жалаңдап жүрүп таратышат. Айрымдары ат минип же велосипедчен кыдырып, түйшүгүн жеңилдетет.

Ал эми кызматтын баасына келсек, конвертти эске албаганда кат жөнөтүү жөнөкөй жарандар үчүн жети сом. Буйрутма кат 10 сом жана баалуу кат 17 сом.

Бишкектин ичинде бүгүн кат жөнөтсөңүз, эртеси жетип калат. Ал эми айыл-апага эң максималдуу жеткирүү мөөнөтү сегиз күндү түзөт.

Тоо менен да, түз менен да… желдей жортуп иштөө керек

Sputnik Кыргызстан почтачылардын кат таратууда тушуккан кыйынчылыктарынын сегиз түрүн атап берет. 

  1. Каттарды жеткирүү үчүн кызматкер жашаган аймагынын картасын беш колдой билүүсү керек. Себеби, бир кат келген күндө дагы анын ээси айылдын түпкүрүндө же тоо этегинде жайгашып калуусу ыктымал.
  2. Жыл санап гезиттердин санынын өсүүсү менен жөнөтүлгөн каттар дагы көбөйүп жатат (социалдык коргоо башкармалыгы ж.б. ведомстволор элге кат жөнөтүп турат). Анын баарын иреттеп жеткирүү үчүн почтачыга кошумча акча төлөнбөйт.
  3. Кат менен гезиттер салынган баштыктын салмагы 5 кг. же 10 кг. экени эч кимди кызыктырбайт. Жонуна артып алып болсо да жеткирүүсү зарыл.
  4. Эгер үйдүн ээси жок болуп калса, башка күнү кайра келүүгө туура келет.
Пенсияларды таратуу менен почта быйыл 300 миллион сомго жакын акча табат
Коммерциялык компаниялардын жарнамалык продукцияларын дагы почтачылар таркатат. Жарнама баракчаларынын оордугуна карбастан ай акырында баягы эле алты миңден бир аз ашкан маянасын алышат. 
  • Жазгы жаандуу күндөрдө баткак кечип болсо дагы ишти аткаруу керек. Жолдун узак, кыскалыгы кат ташыгычтын өзүнүн көйгөйү. Ал эми кабанаак иттерден күнүгө сак болууга туура келет.
  • Көп кабаттуу үйлөр арбын болгон шаарларда иштөө ого бетер кыйын. Каттын ээси тогузунчу кабатта жайгашса, жонуңдагы жүгүң менен кошо көтөрүлүүң керек болот. 
  • Кыргызстандын көпчүлүк аймактарынын почта кызматында бирден гана почтачы эмгектенет. 
  • Кыргыз почтасы 1991-жылдан тартып Дүйнөлүк почта биримдигине мүчө болуп кирген, учурда ага 192 өлкө мүчө.

    Жаңылыктар түрмөгү
    0