Милиционерлер. Архив

ИИМдин 10-башкы башкармалыгын КМШнын Терроризмге каршы борбору сыйлады

34
Министрликтин 10-Башкы башкармалыгы КМШ айдыңындагы кесиптештери менен терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөшүү биргеликте күрөшүп келет.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгы КШМнын Терроризмге каршы борборунун грамоталары менен сыйланганын аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, башкармалык терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөшүү, баңгизат, трансулуттук кылмыштуу ишмердүүлүктө мыйзамсыз пайдаланылуучу курал жана мыйзамсыз миграция сыяктуу бүгүнкү күндүн коркунучтарына каршы аракет жүргүзүп келет. 

КМШнын Терроризмге каршы борбору аталган коркунучтарга каршы ийгиликтүү күрөшкөн башкармалыктын жетекчиси Сталбек Рахманов жана бөлүм башчысы Эмил Жээнбековду сыйлады.

34
Белгилер:
ИИМдин 10-башкармалыгы, терроризм, экстремизм, грамота, сепаратизм
Тема боюнча
Шаардык милициянын былтыркы ишмердигине баа берилди
Президент Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды
Суусундук кармаган кыздар. Архивдик сүрөт

Ден соолукту талкалаган суусундук. Дарыгердин эскертүүсү

174
Дарыгер кадимки сууну да качан гана чаңкаганда ичүү керектигин айткан. Бирок аны көп ичүү эмнеси менен кооптуу экендигин тактаган эмес.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Адамдын ден соолугуна коркунуч жаратып, диабеттен тарта онкологиялык ооруну чакырган азыктардын бири газдалган таттуу суусундуктар экенин дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников айтып берген. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Адистин айтымына караганда, баарынан кооптуусу газдалган суусундук.

"Диабетти жаратып, кишини семиртип, акырында онкологиялык ооруга алып барып такайт. Бул чындыгында ден соолукту талкалоочу жолдордун бири. Остеопороздон тарта онкология, жүрөк, кан тамыр ооруларын жаратат", — деп түшүндүргөн Мясников.

Дарыгер кадимки сууну да качан гана чаңкаганда ичүү керектигин айткан. Бирок сууну көп ичүү эмнеси менен кооптуу экендигин тактаган эмес.

Мясников чай менен кофенин пайдалуу жактарын да эске сала кеткен. Кофе жүрөк, кан тамыр илдеттеринин, боор оорунун алдын аларын айтса, көк чайдын онкологияга каршы күрөшүү артыкчылыгын белгилеген.

Буга чейин россиялык онколог Елена Смирнова жоон ичеги рагына кабылуу тобокелчилигин арттырган суусундуктарды тизмектеп айтып берген. 

174
Белгилер:
Россия, ден соолук, суусундук, зыян
Тема боюнча
Боору жарабай калган. 1,5 литр коланы 10 мүнөттө ичкен киши каза болду
Тоолуу аймак. Архивдик сүрөт

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

187
18-октябрда өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +15…+20, Талас, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +14…+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25 градусту көрсөтөт.

Күндүн табы Бишкекте +18…+20, Ош шаарында +23…+25 градус болот.

187
Белгилер:
аба ырайы, октябрь, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаан жаабайбы? Бир жумага карата аба ырайы