Улуттук кийим кийген кыз. Архив

Кыргыздын жети сулуусу. Эмгек, талант жана дарамет

3042
(жаңыланган 14:05 24.01.2016)
Биз бул сапар кыргыздын сулуу кыздарын тизмелеп көргөнгө аракет кылдык. Жөн эле чүрөк эмес, сулуулугун акылы, таланты, эмгеги коштоп турган айымдар тууралуу айталы дедик.

Ак Мөөр – XIX кылымда жашап өткөн тарыхый инсан. Соң-Көлдү жердеген Боркок уулу Адылдын кызы. Аны 14 жашында сарбагыш уруусунун манабы Жантай Карабек уулу (эл арасында Жантай хан) токолдукка алган. Улуттук илимдер Академиясындагы маалыматтар Ак Мөөр 1834-1869-жылдардын аралыгында жашаганын тастыктайт. Бул тарыхый инсанга байланыштуу эл арасында чыгармалар жаралган. Кыргыз элинде Ак Мөөр менен Болоттун баяны дастан катары айтылып, жазуучулар чыгарма жазып, ал тургай режиссер Мелис Убукеев "Ак Мөөр" кинотасмасын тарткан. 

Бүбүсара Бейшеналиева, кыргыздын туңгуч балеринасы. Кыргыздын балет өнөрүнүн баштоочусу. Чанда кезикчү талант менен сулуулук айкалышкан бул инсанды кыргыздын маңдайына жазылган дөөлөттөрүнүн бири катары баалап келишет. Анын М.Раухвергердин "Чолпон" балетиндеги жараткан мыкты образы, андан кийин тартылган фильм-балет аны бери дегенде эле 100дөн ашуун өлкөгө жарк эттирген. Көрүүчүлөрү аял-эркек дебей анын сахнадагы жаркылдаган кабагы, келишимдүү турпаты менен ийкемдүү бийине арбалып калганын айтып келишет. "Анар", "Чолпон", "Корсар", "Ромео менен Жульетта", "Лаурансия", "Ак куу көлү", "Куйручук", "Аселди" баш кылып жыйырмадан ашуун партияны ойногон. Ал Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында 32 жыл эмгектенген. Кыргыздын чолпону 47 жашында оорудан көз жумган. Анын сүрөтү учурда кыргыз улуттук валюта сомго түшүрүлгөн. 

Б. Бейшеналиева
© Sputnik / РИА Новости
Бүбүсара Бейшеналиева, кыргыздын туңгуч балеринасы.

Бакен Кыдыкеева, актриса. Төкөлдөштүн айтылуу төрт кызынын бири, кыргыздын шедеврге айланган бир нече тасмасынын көркүн чыгарган сулуулардын бири. Сөөгү таза, турпаты сөөлөттүү аялзаты тиктегенде көз карашы эрксизден кишини жалтандырганын азыркыга чейин айтып келишет. Кыргыз киносундагы "кыргыз кереметин" өмүрүнүн 60 жылын сахнага, киного арнаган бул сулуу айымсыз элестетүү мүмкүн эмес. Акыркы күндөргө чейин театрда иштеп жүргөн Кыдыкеева 1993-жылы 70 жашында жол кырсыгынан каза тапкан. 

Таттыбүбү Турсунбаева, актриса. Бул сулуу Ак Мөөрдүн мекени Соң-Көлдөгү Жумгалдын Чаегинде жарык дүйнөгө келген. Кино дүйнөсүндөгү алгачкы дебюту 16 жашында "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу тасма менен башталган. 17 жашында Ташкенттеги Островский атындагы театралдык институтта окуган. Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына келип иштегенден кийин жылдызы болуп көрбөгөндөй жанган. Ал өзгөчө "Ак Мөөр", "Кызыл алма", "Отко таазим" тасмалары менен элдин эсинде калды. 

Кадр из фильма Красное яблоко
© Sputnik
Таттыбүбү Турсунбаева, актриса.

Ак куу моюн, кырдач мурун, кара көздүү бул актриса кыргыз коомчулугунда пайда болгондон тарта Кыргызстанда сулуулуктун эталону Таттыбүбү Турсунбаева менен ченелип калды. Бул ажарлуу айым эл алдына чыккандан баштап миллиондогон адамдын суктануусун жараткан. 

Гүлсара Ажыбекова, актриса. Учурунда кыргыз кинолорунун ажарын ачып, көркүнө чыгарган сулуулардын бири. Москвадагы мамлекеттик театр искусствосу институтуна тапшырып, аны 1972-жылы бүтүргөн. Ошондон тартып Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында артист болуп иштеген. Кыргыз коомчулугу, кино сүйүүчүлөр ажарлуу Ажыбекованы мындан 42 жыл мурда "Кызыл алма" кинокартинасындагы Сабиранын образы менен тааныган. Күйөрмандарынын көпчүлүгү Гүлсаранын "жарк" эткен жылмаюсун жактырышат экен. 

Киргизские девушки в национальных костюмах
© Sputnik / Мамадалиев
Гүлсара Ажыбекова, актриса.

Актриса кийинчерээк Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романы боюнча тартылган үч тасмада үч башка образды жаратып, күчтүү драматизмди ийине жеткире ойногон. 

Кыргыздын бул сулуусу быйыл 66 жашка чыгат.

Жамал Ташыбекова, мамлекеттик ишмер. Кыргыздын дагы бир сулуусу мамлекеттик ишмер болуп эмгектенген. 

1967-жылдан баштап партиялык-мамлекеттик иштерде эмгектенди. Башкасын айтпаганда да, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, Тышкы иштер министри болуп иштегени менен эсте калды. Бул жылдары Ташыбекова саламаттыкты сактоону, илимди, маданиятты, спортту өнүктүрүүгө көп күч жумшаган. 

Депутат Верховного Совета Киргизской ССР Джамал Ташибекова
© Sputnik / Вячеслав Бобков
Жамал Ташыбекова, мамлекеттик ишмер.

Замандаштарынын эскерүүсүндө ал мекендин патриот кыздарынын бири болгон. Москвада жогорку окуу жайды мыкты аяктагандан кийин, ал жердеги ири фабриканын бирин жетектеп калуу жана мыкты шарттар сунушталган. Бирок, Кыргызстанга барып иштейм деген жаш адис айтканынан кайтпай туруп алган дешет.

Замандаштары анын сулуулугу менен кошо өтө маданияттуулугун белгилешет. Ал эми аны менен иштеп калган кыз-келиндер абдан жарашыктуу жана өзгөчө кийингенин, келбеттүүлүгүн азыркыга чейин айтып келишет. Келерки жылы 80 жылдыгын белгилей турган Ташыбекова учурда Бишкек шаарында жайгашкан Достук үйүнүн жетекчиси. 

Айтурган Темирова, киноактриса. Атактуу бул сулуу айым кыргыздын залкар режиссеру Болот Шамшиевдин мурдагы жубайы. Кино дүйнөсүнө 16 жашында кадам таштап, режиссердун "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасына тартылган. Ал эми "Ак кемедеги" индиялыктарча ырдаган Гүлжамал бир эле Орозкул эмес, миңдеген кыргызстандыктардын сүйүүсүн жараткан. Ал эми Улуу Ата Мекендик согуш темасына арналган "Снайперлер" тасмасы менен бери дегенде КМШ өлкөлөрүнүн аймагындагы элдин жалпы сүймөнчүлүгүнө айланды. 

Кадр из фильма Белый пароход
© Sputnik / РИА Новости
Айтурган Темирова, киноактриса.

58 жаштагы Айтурган Темирова учурда Европанын Чехия мамлекетинде жашап, киносценарийлерди жазуу менен алектенип келет. 

3042
Белгилер:
Ак Мөөр, Бүбүсара Бейшеналиева, Таттыбүбү Турсунбаева, Гүлсара Ажыбекова, Айтурган Темирова, Бакен Кыдыкеева, Жамал Ташыбекова
Тема боюнча
Болот Шамшиевге — 75 жыл. Белгилүүнүн бейнесине сүрөт сүртүмдөр
Куудул Асанкул Шаршеновдун жоруктары
"Ак кеме" 40ка чыкты – камера артындагы белгисиз кадрлар
Медициналык кызматкер ишге бара жатат. Архив

Бишкектеги ооруканада дарыгердин 12 метрлик сүрөтү тартылууда. Көрүнүшү

64
(жаңыланган 23:07 03.07.2020)
Сүрөт Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнүн имаратына тартылып, анда дарыгерлердин биринин элеси түшүрүлгөн. Чыгармачыл топ аны ушул жекшемби күнү бүтөрүн айтты.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Улуттук госпиталдын имаратында дарыгердин 12 метрлик портрети тартылып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине DOXA Art-group чыгармачылык тобунун сүрөтчүсү Сергей Келлер кабарлады.

Анын айтымында, сүрөт жекшемби күнү тартылып бүтөт. Социалдык тармактагы баракчасына портретти жүктөп, ал дарыгерлерге арналарын жазган.

"Учурдун чыныгы баатырларына арнап эмгек жаратуудабыз. Портрет борборбогу Улуттук госпиталдын корпустарынын биринде болот", — деп жазган Келлер аккантуна.

Анын агенттикке билдиришинче, сүрөттүн бийиктиги 12 метрдей, чыгымын парламенттеги депутаттардын бири көтөрүп жатат.

"Картина Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнүн имаратында тартылууда. Ал Бөкөнбаев көчөсүнөн бир аз өйдө жактагы урология бөлүмүнө бет маңдай салынган. Эскизде дарыгерлердин биринин элеси түшүрүлгөн. Ушул жекшембиде аны толук бүтүрүп, дүйшөмбү күнү чыгармачылыгыбызды элге тартуулайбыз деп турабыз", — деди Келлер.

Буга чейин DOXA командасы залкар жазуусу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин дубалына тартышкан. Ошондой эле ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдали кызынын портретин борбордогу медициналык колледждин жатаканасынын дубалына түшүрүшкөн.

64
Белгилер:
кызматкер, медицина, портрет, Сүрөт, Улуттук Госпиталь, Бишкек
Тема боюнча
Президент медиктерди Манас ордени, Даңк медалы менен сыйлады
Сөөк коюу жумушчулары иш учурунда. Архив

COVID же пневмониядан көз жумгандарды кантип көмүү керек? КРдеги тартиптер

343
(жаңыланган 22:41 03.07.2020)
Өлүм менен өмүр жанаша жүрөт деген нерсе айныксыз экенин акыркы күндөрү COVID коогалаңы көрсөтүп жатат. Sputnik адиске кайрылып, коронавирустан, пневмониядан көз жумган маркумду акыркы жайга узатууда кандай эрежелерди сактоо керектигин сурады.

Кыргызстанда акыркы суткада 23 адам пневмониядан каза тапты. Коронавирустан жалпысынан 76 кыргызстандык көз жумду.

Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директору Эрнис Акунов элге бул жаатта кеңешин айтты.

Аталган жугуштуу оорудан каза болгон кишинин үй-бүлөсү менен кантип байланышта болуу керек?

Эгерде ал ооруканада коронавирустан каза тапса, сөөктү патологоанатомиялык кызматка жөнөтүшөт. Киши ооруканага түшкөндө үзүлгөн учурлар болот. "Пневмония" диагнозу коюлганы менен COVID бар деп айтышкан жок. Анда сөөк бизге (соттук-медициналык экспертиза борборуна — ред.) келет.

Үйүндө көз жумгандарды да бизге алып келишет. Эгерде маркум үйүнөн өлсө, туугандары алгач милицияга чалышы керек. Себеби тергөө тобу түзүлүп, анын курамына биз киребиз.

Сөөктү адистер кантип, эмне менен жуушат?

Биздин кызматкер атайын костюм кийип сөөктү жууп, атайын аралашма менен дезинфекциялайт. Эгерде өлгөн киши мусулман болсо дезинфекцияланган кепинге оройт да, анын сыртынан клеенка каптайт. Андан соң кийизге оройт. Ошол тейде сөөктү туугандарына берет. Эске сала турган нерсе — алар маркумду дал жерге берер күнү алып кетишет. Көз жазгырып, өлүкканадан сөөктү үйүнө алып барбашы керек. Инфекциянын ошол жердегилерге жугуп калуу кооптуулугу өтө жогору.

Боронов: эртең Кытайдан учак менен 500 кычкылтек концентратору алып келинет

Эгерде башка диндеги адам өлсө, анда деле сөөктү дезинфекцияланган кездемеге, андан соң полиэтиленге орошот. Ошондон кийин кийим кийгизген сымал кылып, табытка салып, бекитип, жерге бергендей кылып беришет.

Сөөктү жерге берүүдө кайсы бир кызматтар көзөмөл кылышы керекпи?

Мүрзөгө көмгөнү барганда жок дегенде бир эпидемиолог кошо жүрүп, элдин сөөктү кармалабашын көзөмөлдөп турганы оң.

Кыргызстанда коронавирус чыкканда Ош облусунун Ноокат районунда эл эрежелерге түшүнүү менен мамиле жасашкан. Көрүстөнгө чейин бир эпидемиолог, ал тургай милиция кошо барып турган. Азыр каза тапкандар көп болууда, көзөмөл кандай болуп жатканын айта албайм. Эпидемиологдор жетишпей жатат. Балким, буга Ички иштер министрлигин тартыш керектир. Бул биздин компетенцияга кирбейт.

Пневмония менен COVID-19дун эмне байланышы бар?

Адатта коронавирус инфекциясынын кабылдап кетиши пневмония катары эсептелет. Адам каза болсо, анын себебин эмнеге COVID эмес, пневмония деп жатышат. Бул ПЦР-тест жасалбаган үчүнбү?

Биз ооруканадан сырткары болгон пневмония деген диагноз койгонго мажбур болуп жатабыз. Анда коронавирус болгон-болбогонун чындыгында айта албайбыз.

Эгерде киши пневмониядан өлсө, анын организминде коронавирус жүрүшү толук мүмкүнбү?

Ооба. Ошондуктан туугандары жоопкерчилик менен карап, бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сакташы керек. Бул туурасында элге тажабай айтып келебиз.

Жакында бизге коронавирус болушу мүмкүн деген кишинин сөөгүн алып келишти. Туугандары сөөктү Ат-Башыга алып кетебиз дешти, бирок биз менен сүйлөшкөндөн соң алыс жолго алып чыкпай, бул жерден көмө турган болушту.

Бир суткада 23 адам пневмониядан каза болуп, жалпы саны 120га жетти

Болгон өлүк каадасын соттук медэкспертизанын имаратында жасап калганга аракет кылышат. Эгерде маркум коронавирус инфекциясы жугуп каза тапты деген шек жаралса же пневмония, же COVID-19дан көз жумса, ири алдыда эч кимди тийгизбей туруп, дароо милиция чакыруу керек.

Тууганы коронавирустан өлдү деп шек жаралып, бизди чакырган учурда алар биздин кызматкерлерди эшиктен тосуп алганын көп көрөбүз.

343
Белгилер:
пневмония, экспертиза, кооптуулук, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Россия: коронавирустан көз жумган мусулман адамын кремация кылса болору айтылды
Коронавирус: Ноокатта көз жумган кишини акыркы сапарга 10дой адам узатты
Коронавирустан көз жумгандар кантип көмүлөт. Министрлик менен муфтияттын сунуштамасы