Памирлик боордошторго чет жакта жашаган кыргыздар да кол сунууда

© Фото / Айгул Борбугул кызыПамирде жашаган этникалык кыргыздар. Архив
Памирде жашаган этникалык кыргыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээтен тарта Бишкекте жайгашкан 60ка чукул мечиттерде Памирде жашаган боордошторго жардам чогултула баштады.

БИШКЕК, 24-янв — Sputnik. Бишкек шаардык мусулмандар казыяты Памирде жашаган этникалык кыргыздарга кол кабыш кылуу максатында жардам топтоп баштады. Бул акцияга катышып, акча каражатын которуу максатында чет жакта жашаган кыргыз балдар да кайрылып жаткандыктан, акциянын мөөнөтүн узартууга туура келди. Бул туурасында аталган казыяттын жетекчисинин орун басары Алмамбет Сүйөркулов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Кечээтен тарта Бишкек шаарындагы 60ка чукул мечиттерде бул боюнча маалымдалып, жардам топтоо иштери башталган. 

"Топтолгон жардамды уюштурулган атайын комиссия карап, эсептеп чыгат да, жыйынтыгы боюнча маалымат берет. Памирлик кыргыздарга жардам топтоо идеясы Бишкек шаардык казыятынын казысы Садридин ажы Мажитовго таандык",— деди Сүйөркулов.

Памирлик кыргыздарга жардам берүү боюнча бул акцияга кошулуп, жардам берүү ниети менен Кыргызстандын сыртында жашап жаткан жарандар да кайрылып жатат. 

"Бул маалыматты уккан чет жерде жашап-иштеп жаткан мекендештер памирлик боордошторго жардам иретинде акча которуу үчүн кайрылышты. Биз казыяттын банктык эсебин бердик, алар которгон каражат Памирликтерге берилүүчү жардамга кошулат",— деди ал.

Казыят өкүлү памирликтерге каалаган жарандардын баары жардам бере аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0