Советская Киргизия гезитине Чыңгыз Айтматовдун О терминологии киргизского языка деген макаласынын үзүндүсү. Архив

Акматалиев: Айтматовдун терминдер боюнча 60 жыл илгери айткандары бүгүн да актуалдуу

165
(жаңыланган 15:59 24.01.2016)
Чыңгыз Айтматовдун эң биринчи жазган макалалары котормо жана терминология маселелерине арналганын айтматов таануучу Акматалиев айтып берди.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Мындан туптуура 64 жыл мурун 1952-жылы дал ушул күнү "Советская Киргизия" гезитине Чыңгыз Айтматовдун "О терминологии киргизского языка" деген макаласы жарыяланган. Бул макалада айрым кыргыз сөздөрүнүн орусчага которулушу жана орусчадан кыргызчага которулган сөздөр тууралуу кеп козголгон. Бул макаланы жазганда Чыңгыз Айтматов Кыргыз айыл чарба институтунун студенти болчу.

Айтматов аталган макаласында кээ бир окуу китептериндеги орусча терминдердин туура эмес, же таптакыр эле которулбай берилгенин белгилеген. Ошол эле учурда айрым терминдердин кыргызча эквиваленти бар экенин айткан. Өзгөчө анатомия боюнча окуу китебине басым жасаган. 

"Орган" деген сөз кыргыз тилине сиңишип, кеңири колдонулуп келет. Окуу китебинде физиологиялык түшүнүк "мүчөлөр" деп мааниси бурмаланып которулган. Кээ бир котормолор күлкүнү келтирет. "Члены вкуса" деген сөз айкашы "даам сезүү мүчөсү", "члены обояния" — "жыт сезүү мүчөсү" деп которулган", — деп жазган Айтматов.

Улуу жазуучу макаласында орус тилиндеги "плод" деген сөз мааниси жагынан кыргызчадагы "төл" деген сөзгө жакын экенин айтат. Котормочулар "оплодотворение" термининин физиологиялык маанисин так бере албай, "тукумдоо" деп туура эмес которушканын жазат. Бул сөз мааниси жагынан алганда көптүк санда "тукумдашуу" деп жазылышы керектигин белгилейт.

Академик, Айтматов таануучу Абдылдажан Акматалиев улуу жазуучунун 60 жыл мурун терминология тууралуу айткандары бүгүн да актуалдуу экенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди. 

"Чыңгыз Айтматовдун эң биринчи жазган макалалары котормо жана терминология маселелерине арналган. Айтматовдун алтымыш жыл мурда козгогон терминология маселелери бүгүн да актуалдуу", — дейт ал.

Акматалиев эгемендүүлүк алгандан кийин кыргыз лексикасында эл аралык бир топ сөздөр которулганын айтат. Анын ичинде техника, илимдин, турмуш тиричиликтин өнүгүшү менен көп терминдер кирген.

165
Белгилер:
терминология, газета, кыргыз тили, Абдылдажан Акматалиев, Чыңгыз Айтматов
Тема боюнча
Чек арачылар кеп маданиятын өздөштүрүп жатат
Тилим менин – душманым, же өз тилиңден өз боюңду ала качканда…
Студент сабак учурунда. Архив

Сурабалдиева ЖОЖ, мектеп, бала бакчалардын качан иштей турганын айтты

369
(жаңыланган 23:21 29.11.2020)
Өкмөттүн мүчөсү өлкөдөгү бала бакчалардын иши боюнча бир катар маселелери бар экенин белгилеп өткөн.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар жаңы жылдан кийин иштейт баштайт. Ал эми бала бакчалар боюнча айрым татаалдыктар бар. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

​Суроо бергендерге жооп берип жатып өкмөт мүчөсү мектептерди ата-энелердин суранычынын негизинде ачуу маселеси турганын белгиледи.

​Сурабалдиеванын айтымында, азыр оору жайылып кетсе, илдетке кабылгандардын агымын тейлөөгө ооруканалар, тийиштүү кызматтар жетише алабы деген гана көйгөй турат.

"Ансыз деле ата-энелер улам бир мугалимге акы төлөп барып жатышат. Демек азыркыдай махинациянын зарылдыгы жок", — деп жазган чиновник.

Белгилей кетсек, республиканын айрым жерлеринде мектептер, бала бакчалар иштеп жатат. Эпидемиологиялык абал курч деген аймактарда гана окуу онлайн жүрүүдө.

369
Белгилер:
өкмөт, Эльвира Сурабалдиева, бала бакча, ЖОЖ, мектеп
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкектин кинотеатрлары качан ачылары айтылды
Бишкекте бир шарт менен компьютердик клубдардын ишин жандантуу каралууда
Лыжа базасында эс алуучу. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

66
30-ноябрга караган түнү өлкө аймагында абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. 30-ноябрь, дүйшөмбүдө, күндүз республиканын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын облустарында -3…-8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -4 …-9, Ысык-Көлдө -4…+1 градус болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын жаабайт. Күндүн табы борбор калаада -4…-6, Ош шаарында -1…+1 градуска жетет.

66
Белгилер:
Кыргызстан, ноябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Декабрга карата аба ырайы. Тоолуу жерлерде суук 34 градуска жетет