Баткен: чек аранын жака-белинде жашаган окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЧек ара. Архив
Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кезектеги жолугушуу Баткен районундагы Аскар Жоробаев атындагы орто мектепте өтүп, ага окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер катышты.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Баткен облусунун чек ара аймактарына жакын жайгашкан айылдардагы мектептерде окуучуларды туура жолго үгүттөгөн жана кооптуу радикалдык уюмдар туурасында маалымат берүү иштери жүрүп жатат. Бул туурасында Баткен облустук казыятынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Чек ара көзөмөлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арадан уулун кыздын күбөлүгү менен алып өтүүгө аракет кылган казак аял кармалды
Кезектеги түшүндүрүү иш-чаралары Баткен районундагы Аскар Жоробаев атындагы орто мектепте өттү. Ага 9-10-11-класстарынын окуучулары, ата-энелер, мугалимдер катышты.

Райондогу Апкан айылынын имамы Искендер Ажыбаев туура жолдон чыгарып, адамдын тагдырына балта чаба турган уюмдар жана алардын кесепети жөнүндө айтып бергендигин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууга келгендерге ислам дини тууралуу жана КРде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюмдар менен агымдар боюнча бир топ пайдалуу маалыматтар берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0