Бишкек мэриясы орус тилдүү кызматкерлерин кыргызча сүйлөтүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайы уюштурулган курстун аягына чыккандарга атайын сертификат тапшырылат.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Мэриянын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү билим берүү башкармалыгынын, шаар мектептери жана бала бакчаларынын орус тилдүү кызматкерлери үчүн кыргыз тили боюнча курстарды уюштурганын муниципалитет билдирди.

Маалыматка ылайык, окуулар "Кыргызтест" системасынын талаптары боюнча өтүүдө.

"Бүгүнкү күндө 15 кызматкер А1 деңгээли боюнча экзаменди ийгиликтүү тапшырып, А2 деңгээлиндеги окуусун улантып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Окуулар аяктагандан кийин кызматкерлерге атайын сертификаттар берилери белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0