Баткенде былтыр 11 миң гектардан ашуун жер иштетилбей калган

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүТракторчу. Архив
Тракторчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында жер аянттары тегиз иштелиши керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Баткенде былтыр 11 миң 416 гектар жер иштетилбей калган. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев аталган облуска болгон иш сапарынын маалында билдирди.

Бүгүн өкмөт башчы иш сапарынын алкагында Көкташ — Ак-Сай —Тамдык, Миңбулак —Чорго — Аксай, Аксай — Тамдык жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

"Кыргызстан – Кытай" темир жолун курууга аракеттер көрүлүүдө
Премьер-министр аталган жолдордун курулушу өлкө коопсуздугун сактоодо маанилүү экенин белгилеп, чек ара аймактарындагы тургундардын жашоо турмушун жакшыртуу максатында бардык шартты түзүүгө аракет көрүлөрүн билдирди.

Көкташ — Ак-Сай — Тамдык жолунун узундугу 24 чакырымды түзөт, 2014-2015-жылдары аталган жолдун 13 чакырымы бүткөрүлгөн. Учурда курулуш иштери толугу менен жүрүп жатат.

Сариев чек арага жакын жайгашкан жер аянттарын иштетүү зарылдыгына токтолду. Ал өткөн жылы Баткен облусунун аймагында 11 миң 416 гектар жер иштетилбей калганын, анын ичинен 856 гектары – сугат жер экенин айтып, мындай көрүнүшкө жол берилбестен, жер аянттарын тегиз иштетүү зарылдыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0