Салык кызматы: февралга чейин карызын жойгондор айып пулдун 80%нан кутулат

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик салык кызматынын сайты. Архив
Мамлекеттик салык кызматынын сайты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган кызмат береседен арылгандардын төлөм пайызы, тууму жана салык санкцияларынын басымдуу бөлүгү жоюла турганын белгилейт.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-февралына чейин салык карызын жойгондор үчүн төлөмдүн пайызы, тууму жана салык санкциялары 80 пайызга кыскара турганын Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай мыйзам былтыркы жылдын 4-августунда күчүнө кирип, ушул жылдын 1-майына чейин иштейт. 

1-февралга чейин салык карызынын негизги суммасын (2015-жылдын 1-августуна карата) жана учурдагы төлөмдөрүн төлөгөн салык төлөөчүлөрдүн пайыздары, тууму жана салык санкциялары 80 пайызга, 1-майына чейин төлөгөндөрдүкү — 50 пайызга эсептен чыгарылат. 

"Пайыздарды, туумдарды жана салык санкцияларын эсептен чыгаруу үчүн жарандар катталган жери боюнча салык органына кайрылуусу абзел", — деп айтылат билдирүүдө.

Салык санкцияларын эсептен чыгаруу боюнча кампания тууралуу кенен маалыматты 194 телефону аркылуу алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0