Оштогу медицина кызматкерлерине кошумча 6,8 млн сом бөлүндү

© Sputnik / Табылды КадырбековТыйындар жана көз айнек. Архив
Тыйындар жана көз айнек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарындагы медицина кызматкерлеринин коммуналдык төлөмдөрүн жеңилдетүү үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүндү.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаарда эмгектенип жаткан орто жана кенже медициналык кызматкерлерине колдоо иретинде 6,8 миллион сом бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Ош облустук администрациясы билдирди. 

"Каражат кызматкерлердин коммуналдык чыгымдарын жеңилдетүү үчүн берилди", — деп айтылат маалыматта. 

Берилген каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0