ЖК депутаттары Францияда өтүп жаткан ЕКПА ишине катышууда

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүСтрасбургдагы европарламенттин имараты. Архив
Страсбургдагы европарламенттин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2014-жылы Кыргызстан ЕКПАнын "Демократия боюнча өнөктөш" статусуна ээ болгон. Быйылкы жыйынга республикадан эки депутат катышууда.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Франциянын Страсбург шаарында өтүп жаткан Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) ишине катышып жатканын парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Портфель кармаган кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар келерки аптада аймактарга кетет
Делегация иш-чарага Кыргызстандын ЕКПАнын "Демократия боюнча өнөктөш" статусун алышына байланыштуу катышууда.

Парламенттик делегацияны Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитеттин төрагасы Галина Скрипкина жетектөөдө.

Андан тышкары, делегация курамында Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу комитетинин мүчөсү Чолпон Султанбекова бар.

ЕКПА — кеңешке мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнөн турган консультативдик орган. Ага 47 өлкө мүчө.

Жаңылыктар түрмөгү
0