Россиянын Екатеринбург шаарында иштеп жүрүп, дүкөнгө чыгып, жоголуп кеткен 13 жаштагы Айганыш Канат кызы.

Кредит кесепети: унутулган мектеп, Россияда жоголгон 13 жашар Айганыш

4766
(жаңыланган 13:43 05.04.2016)
Россияда иштеген айылдашынын эки баласын баккан 13 жашар Айганыштын милдети энесинин алган кредитин жабуу болгон.

Алган кредитинен кутула албай калган 36 жаштагы төрт баланын энеси 13 жашар кызын окуудан ажыратып Россияга бала баккыч кылып жөнөткөн. Бул туурасында Анара Молдобазарова Sputnik Кыргызстан маалымат сайтына айтып берди.

Учурда Россиянын Екатеринбург шаарында иштеп жүрүп, дүкөнгө чыгып, жоголуп кеткен 13 жаштагы Айганыш Канат кызы полиция жана ыктыярдуу издөө топторунун аракетине карабастан 24 күндөн бери табыла элек.

Айганыш Өзгөндүн Мырза-Аке айылындагы туулган, үч бир тууганы бар, атасы учурда түрмөдө. 

Энесинин айтымында, 6-класстагы кызын акча табуу үчүн Екатеринбург шаарына бала баккыч кылып жиберүүгө аны 20 миң сомдук кредит түрткөн. Ал насыяны балдарына тамак-аш, кийим-кече алууга жана карыздарынан кутулуу үчүн алгандыгын айтып берди. 

Мындан эки жыл мурда Айганыш жокчулуктун айынан мектепке барбай бир нече ай үйдө отуруп калып, энеси кредит алгандан соң сабакка жибере баштаган. Каражаттан каржалып турган аялга Екатеринбург шаарында жашап-иштеп жаткан айылдаштарынан кызын бала баккыч кылып жиберүү, ал үчүн айына каражат төлөп берүү сунушу түшкөн. 

"Айына акча төлөп турарын айтышты. Башка айлам жок эле, аргасыздан жөнөттүм. Үйдө үч балам бар, багып, ичинтип-кийинтишим керек. Антпесем, жашоо токтоп калчудай. Күйөөм камалып кеткен", — деди Молдоабазарова. 

20 миң сомдук кредит. Өспүрүм кыз иштеп тапкан 30 миң сом 

Энеси кызынан келген каражат менен кийинки сиңдисин мектепке окутуп, бөбөктөрүнүн курсагын тойгузуп тургандыгын айтты. 

Аял кредиттен кутултуу максатында жиберген 13 жашар кыздын эмгеги үчүн эки жыл ичинде болжол менен 20-30 миң рублдин тегерегинде акча алгандыгын билдирди.

Анын айтуусунда, алгач, кыздын эмгеги 5000 рубль деп бааланган, сумма акырындап азая баштаган.

"Башында 5000 миң рубль төлөйбүз деп алып кеткен, кийин 3000 рубль деди, күйөөм ооруп калды деп кээде 2000ден жиберип жатты. Кредитти жаап алайын деген ой менен ага деле макул болдум", — деп айтып берди Молдобазарова. 

Кыздын үй-бүлөсү ал кредиттен кутулуп, энеси кийин эки башка компаниядан 60 миң сом тегерегинде дагы насыя алган. Учурда анын мойнунда эки кредиттин акчасы турат, айына 5100 сомдон төлөп турушу керек. Бирок, эми кызы да жок, карызын төлөй турган каражаты да жок отурат.

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси Гүлүм Термечикованын айтымында, бул үй-бүлө айылдагы эң жакыр дегендердин тизмесине киргендиктен жөлөк пул чегерилген.

"Молдобазарова буга чейин төрт баласына 2820 сом жөлөк пул алып турган. Жыл соңуна чыкккандыгына байланыштуу анын мөөнөтү бүттү. Жаңы жылдан тарта алуу үчүн кайрадан документ даярдашы керек", — деди Термечикова. 

Екатеринбургда издөө иштери уланууда…

Ал эми учурда Айганышты Екатеринбург шаарында полиция менен кошо жергиликтүү ыктыряылар жана кыргызстандык мекендештери кошо издеп жатат. Тилекке каршы, азыр жыйынтык жок, кыз алигиче табыла элек. Бул туурасында КРдин Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Төлөнбай Кожобаев билдирди.

Баш консул балдарды акча табуу үчүн бөтөн жерге жиберүү акылга сыйбаган көрүнүш деп эсептейт. Өспүрүм кыздын чоочун жерде баш паанеги жок калган окуя Айганыш жоголгондон кийин да болгон.

"Жакында дагы 15 жашар кызды алып келишти. Каражаты, документи, жашаган жери жок. Башкы консулдукта эки күн болду. Акча топтоп, Кыргызстандагы таенесин таап салып жибердик. Айтаарым, жаш балдарды белгисиз жакка, тобокелдикке салып жөнөткөн таптакыр туура эмес. Ата-энелерде жоопкерчилик деген болушу керек да", — деди нааразы болгон Кожобаев. 

Азырынча Айганыштын тагдыры белгисиз. Ал эми көз жашын көлдөткөн таенеси Зууракан Алайчиева небересинин дайын-дарегин билгендер болсо, кабарлап коюусун өтүнүп, коомчулукка кайрылды.

Коркунучту, бул дүйнөнүн таш боорлугун толук аңдап сезе биле элек беш жаштардагы сиңдиси Малика "Айганыш апче келиңизчи, сизди сагындык", — деп бышактайт. 

Батирде үч баласы менен баш калкалаган Анара мешке көң калап, оттуу ойлуу чукуп, эмне кылаарын билбей калганын айтат…

4766
Белгилер:
кредит, акча, Мигрант, Екатеринбург, Россия
Тема боюнча
Эс-учун жоготуп каза болгон жети жашар Тахмина. Солкулдап ыйлаган таеже
Көчөдө бараткан адамдар. Архив

COVID-19га кабылган эркекте кийин төшөк маселесинде көйгөй жаралышы мүмкүн

18
Адистин айтымында, коронавирус аялдарга караганда эркектерге көбүрөөк кыйынчылыктарды жаратат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Эркектин тукум улоо органдарындагы ACE2 деп аталган рецепторлор организмге коронавирустун кирип кетишине көбүрөөк себепкер болот. Мындан улам COVID-19дан сакайгандан кийин эркектердин жыныстык жашоосунда көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экенин Sputnik радиосунун эфиринде эндокринолог Зухра Павлова билдирди.

"Коронавирус аялдарга караганда эркектерге көбүрөөк кыйынчылыктарды жаратары байкалууда. Бир нече иликтөөлөрдүн жыйынтыгын карап көрсөк, коронавирустан айыккан соң эркектерде тестостерон гормонунун бөлүнүшүндө көйгөйлөр жаралат экен. Мындан улам алардын тукум улоо функцияларында түйшүк жаралышы ыктымал", — деди дарыгер.

Тестостерон гормонунун эркектин жашоосунда мааниси чоң. Бул гормон жетиштүү кезде эркектин энергиясы ашып-ташып, кандай иш баштабасын майын чыгара жасайт. Тестостерондун жардамы менен эркекке сакал-мурут өсөт, булчуң эт толот, кандын курамы жакшырат. Эң негизгиси — эркектин бел суусунун иштелип чыгышына, тагыраагы, тукум улоосуна шарт түзүлөт.

Ошондой эле тестостерон акыркы изилдөөлөр боюнча вирустук инфекцияларга туруштук берүүдө маанилүү роль ойнойт. Анын деңгээлинин төмөн болушу респиратордук инфекция, сасык тумоо, сезгенүү, жүрөк-кан тамыр ооруларынан жана кан басымдын көтөрүлүшүнөн улам өлүм коркунучу жогорулашы мүмкүн экени айтылып келет.

18
Белгилер:
кесепет, коронавирус, эркек, тестостерон
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Коронавирус эркектин сексуалдык каалоосун жок кылат. Жаңы изилдөө
Адис: коронавирус сасык тумоо менен грипптин катарына кошулуп келе жатат
Венгрия өкмөтү КРдин Куралдуу күчтөрүнө мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды берди

Венгрия өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө суу тазалоочу жабдыктарды берди. Сүрөт

10
Жабдуулар темир жол аркылуу алып келинген. Алар аскердик-талаа госпиталынын дараметин кыйла жогорулатары кошумчаланды.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Венгрия өкмөтү КРдин Куралдуу күчтөрүнө мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды берди. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматы кабарлады.

  • Правительством Венгрии предоставлена мобильная водоочистительная система для Военно-полевого госпиталя 2-го уровня Вооруженных Сил КР
    Венгрия өкмөтү КРдин Куралдуу күчтөрүнө мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды берди
    © Фото / пресс-служба Генерального штаба ВС КР
  • Правительством Венгрии предоставлена мобильная водоочистительная система для Военно-полевого госпиталя 2-го уровня Вооруженных Сил КР
    Жабдуулар темир жол аркылуу алып келинип, аны өлкөнүн коргоо ведомствосу кабыл алган.
    © Фото / пресс-служба Генерального штаба ВС КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба Генерального штаба ВС КР
Венгрия өкмөтү КРдин Куралдуу күчтөрүнө мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды берди

Ага ылайык, жабдуулар темир жол аркылуу алып келинип, аны өлкөнүн коргоо ведомствосу кабыл алган.

"Венгрия эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүү максатында КРдин Куралдуу күчтөрүнүн II даражадагы аскердик-талаа госпиталы үчүн мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды тартуулады. Бул жабдыктар кайтарымсыз түрдө берилди", — деп айтылат билдирмеде.

Жабдуулар аскердик-талаа госпиталынын дараметин кыйла жогорулатары кошумчаланды. Ошондой эле келечекте БУУнун тынчтык операцияларына катышуу алкагында өз алдынча иштөөгө мүмкүнчүлүк берет.

10
Белгилер:
жабдуу, Генералдык штаб, Кыргызстан, Венгрия
Тема боюнча
Кыргызстан менен Катар аскер-техникалык кызматташтыкты бекемдөөгө белсенди