Кургак учукту аныктоонун сапаты жакшырат

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүДарыгер өпкөнүн рентген сүрөтүн көрүүдө. Архив
Дарыгер өпкөнүн рентген сүрөтүн көрүүдө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окууга облустук лабораторияларда иштеген 18 кызматкер катышты.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Бишкекте кургак учук илдетин аныктоонун сапатын жакшыртуу максатында лаборанттар үчүн өткөрүлгөн окуу аягына чыга турганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Оорулуунун операция учурунда абалын көрсөтүүчү монитор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тубаса жүрөк оорулуу балдарга Кореядан акысыз операция жасалат
Улуттук референс-лабораториянын директору Гүлмира Калмамбетованын айтымында, тренинг 18 менеджер менен лаборанттар үчүн уюштурулган. Мында облустук лабораторияларда кургак учук илдетин аныктоонун сапатын жакшыртуу, изилдөөлөрдү ийгиликтүү өткөрүүнүн ыкмалары окутулду.

Иш-чара USAID уюмунун "Кургак учукту жеңебиз" долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Эки күндүк тренингдин катышуучулары лекцияларды гана укпастан, практикалык тажрыйбаларга катышып, билимин арттырды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча жыл сайын кургак учукка чалдыккан 6 миң жаран аныкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0