Кыргызстандык кол өнөрчүлөр Москваны багындырып, 25 миң доллар менен сыйланды

© Sputnik / Табылды КадырбековКолго тигилген калпактар. Архив
Колго тигилген калпактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвада өткөн жарышта Россия, Армения, Казакстан, Грузия, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан барган командалар катышты.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Москвада өткөн "Евразиянын мобилдүү кубогун" кыргызстандан барган "ArtАsian" командасы жеңип алды. Бул тууралу Sputnik Кыргызстан агенттигине команданын мүчөсү Тимурлан Тураталиев кабарлады.

Анын айтымында, 27-28 январь күндөрү Москвада өткөн сынактын финалдык бөлүгүнө Россия, Армения, Казакстан, Грузия, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан барган командалар катышты. 

"Евразиянын мобилдүү кубогу" сынагында ар тараптан келген ишкерлер өз долбоорлорун сунуштап, аны коргоп чыгат.

"Биз "Art Asianдын" командасынын чеберлери тарабынан колго жасалган буюмдарды — улуттук кийим-кечек, зер буюмдарды жана үй жасалгасын көрсөттүк. Долбоордун максаты — Орто Азиянын маданиятын, каада-салтын англис тилдүү колдонуучуларга жайылтуу болуп саналат", — дейт Тураталиев.

Азия MIX командасынын капитаны Элдияр Кененсаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" Жогорку, ал эми "Бруклин" борбордук лигага өттү
Жеңүүчүлөр 25 миң доллар менен сыйланып, Барселонада өтүүчү эл аралык стартаперлердин сынагына жолдомо алды. 

Стартап — англис тилинен которулганда "жандыруу", "баштоо" дегенди түшүндүрөт. Интернет технологиясынын жардамы менен долбоорлорду кеңири жайылтып, бизнес пландарды ишке ашыруу болуп саналат. Ал эми бул топтун мүчөлөрү стартапер деп алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0