Айылга кат. Кат жазган муундун өкүлү Чыныбай Турсунбековдун айылы

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков. Архив
ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы муун үчүн маанисин жоготуп бара жатканы менен кат арбын адамдардын арманын арылтууга аралжы болгон. Муну азыр баары биле бербейт… Бул сапар "Айылга кат" жазуу кезеги ЖК депутаты Чыныбай Турсунбековго келди.

Ал Жан-Булакта өмүр бою алакандай кат күтүп өтүп кеткен Айкан апа, ачарчылыктан элди сактаган мандалактар жана "тимурчу" кезин эстеди. 

Мен — кат күткөн, кат жазган муундун өкүлүмүн 

Доор алмашып, техниканын заманы келип, интернет көз ачып жумганча көздөгөн жериңе жеткирип, каалаган адамың менен көзмө-көз сүйлөштүрүп турган кезде кат жазуу тууралуу кийинки муундарга айтсак жомок болчудай. А бирок, мен ошол кат күткөн, кат жазган муундун өкүлүмүн. Улуу Ата Мекендик согушка кеткен уулдарынын жок дегенде катын күтүп, бул жазмыштан өтүп кеткен апаларды көрүп калган муундун өкүлүмүн. Ушундай жагдайда айылыма кат жазыш мен үчүн абдан маанилүү.

Кат десе 2014-жылы каза болгон атактуу мексикалык жазуучу Габриэль Гарсиа Маркестин "Полковникке эч ким кат жазбайт" аттуу чыгармасы эске келет. 

© из семейного архива Чыныбая ТурсунбековаЭл өкүлү Чыныбай Турсунбеков туулуп-өскөн үй
Письмо домой. Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Эл өкүлү Чыныбай Турсунбеков туулуп-өскөн үй

Көркөм чыгармадабы же жашоо-турмуштабы катты зарыга күтүп, жашоонун жарык бир учкуну катары туткандар бар экенин жакшы билем. Айылымда эч кимиси жок Айкан апа бар эле, биз "тимурчулар" турмуш-тиричилигине жардам берип, каралашчубуз. Ошол апа согушка кеткен жакындарын жана алардын алакандай катын өмүр бою күтүп жүрүп, дүйнөдөн өтүп кетти…

Мен жашоомдо да ыраматылык болуп кеткен апам менен атамдын катын күтүп, кайра аларга жазчумун. Алар менден кат күтө тургандыгын эң сонун билчүмүн. Андыктан, үзбөй жазганга аракет кылар элем. Ал почточу ата-энем үчүн эң маанилүү адам болучу. 

Акын болом деп калем сап колума кармагандан баштап кат жөнүндө ыр да жазгам:

Карындашым Нуржандан
Кат жаздырат "Балам" деп.
"Кандай окуп жүрөсүң?
Биз жүрөбүз аман" деп

Ортосунан бүктөлгөн
Ушул каттар топ барак
Момпо салган апамдын
Кемсели эле жыттанат…

Мына ушундай баа жеткис, кымбат, ал тургай таттуу каттарды алчубуз, жазчубуз.

Айылыма алыстан туруп көз салганда... Ичип кеткен авалар азайды...
Менин кичи мекеним Жан-Булак деп аталат. Алыскы Нарын облусунун Нарын районунда жайгашкан. Илгери айылдын талаасын кыпкызыл мандалактар ээлеп жатчу экен. Ачарчылык убакта ошол мандалактын түбүн жеген учур болгон дешет. Ошондо эл арасында "жайы-кышы мандалак, жан сактаткан Жан-Булак" деген кеп айтылып калган дешчү аталарыбыз. Айылыбыз кең жайык жерде орун алган, жанынан карт Нарын дарыясы агып өтөт. Баары өзгөрүлгөн заманда Нарын дарыянын шоокуму гана өзгөрүлбөй, кирген кезде чамынып, күрпүлдөп, ал эми суусу тартылганда мелмилдеп, жай агып, бирок, шоокуму ар дайым угулуп турат. Айыл менен дарыянын ортосун колу-бутубузду тыттырып терип жеген кычкыл чычырканак жыш өскөн токой, таптаза мөлтүр булак, анан кышкысын суукту тоготпой, көк муштум болгончо жылгаяк тепкен дөбө тосуп турат. Мунун баары мага азыр да кымбат жана дайым өзүнө тартып турган касиетке ээ. 

Айылым — күрөштүн, тирүүлүктүн борбору. Ал эми атам салган үй азыр — бала бакча

Айылдаштарымдын арасында эсте калчу адамдар арбын, мен үчүн сырттан болсо да ар биринин орду өзүнчө, андыктан бөлүп атагым келген жок. Аксакалдар сабырдуулугу, элди сөзгө тарта билгендиги менен, байкелер шайырлыгы, тамашакөйлүгү, айылда күлдүргөн жоруктары менен жадымда. Ал эми апалар ээрчишип алып, ынтымактын белгиси катары айыл аралап айылчылаганын азыр да жылуу эстейм. Сулуулугу, билими, шакылдаган эпчилдиги менен таасирленткен жеңелер, эжекелер азыр байбичелерге айланды. Алар азыр мөмөлүү бай түп дарактай. 

© из семейного архива Чыныбая ТурсунбековаЧыныбай Турсунбековдун атасы салган там азыр наристелер үчүн бала бакчага айланган
Письмо домой. Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Чыныбай Турсунбековдун атасы салган там азыр наристелер үчүн бала бакчага айланган

Күрөштүн, тирүүлүктүн борбору айылдай сезилет мага. Айылдан эл түп көтөрө көчүп, баары шаардык болуп кетсе кыргыз, кыргыз болбой калчудай сезилет. Мен үчүн туулган жерим кымбат жана өзгөчө. Жакында айылыма белек кылдым. Он бир тууганым, атам, апам менен жашаган, балалыгым өткөн, пайдубалым түптөлгөн үйүмдү, айылымдын кетирекей бөбөктөрүнө арнап, заманбап бала бакчага айланттым. 

Төкмө акын Элмирбек Иманалиев сценада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айылга кат. Кермек сүйлөп ыр айткан, кер какшыгын кылайткан Чоңколорум аманбы?
Бул чечим да оңойго турган жок. Көпкө ойлондум, "баягынын балдары" дедиртип, үйдө туугандарыбыздын бири жашаса дедим, ата-энемдин көзү бар мезгилдей эшик какпай киргени коңшулардын аягы үзүлбөсө дедим. 

Бирок Жаңы жыл алдында айылыма барып, бала бакчага айланган атам тургузган үйдөн наристелердин шаттуу күлкүсүн угуп, эң туура чечимге келгениме дагы бир жолу ынандым. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда балдар менен бирге газдалган камерага кирип ууланып өлгөн белгилүү польшалык жазуучу Януш Корчактын "Унутпагыла, адамдын эң маанилүү жолугушуусу — бул анын балдар менен жолугушуусу" деген канаттуу сөзү эске келди. 

Эми айылымда балдар үчүн көйгөй чечилди, заманбап шарттагы бала бакча бар. Ал жерден келечек муун татыктуу тарбияланып чыгып, ырымда айтылгандай менин Жан-Булак айылым "Бүтпөгөн бул дүйнөнүн кармашында" болот. 

Ал эми айылыма кирип бара жаткен дөбөдө жаткан ата-энемдин, айылдаштарымдын мүрзөсү тирүүлүккө Кароол дөбөдөй болуп турганы турган. Бул жер да бул оомалуу-төкмөлүү дүйнөнүн кызыгы менен баасын, өткөнүмдү, ары карап кеткен айылдаштарымды эске салып турган өзүнчө бир тараза.

Жаңылыктар түрмөгү
0