Жайыттагы марал. Архив

Леонардо Ди Каприо маралдарды Жалал-Абадга кайтарууга жардам берет

474
(жаңыланган 14:44 31.01.2016)
Маралдар боюнча долбоордун жетекчиси командасынын негизги максаттарын, фонд тарабынан канча каражат бөлүнгөнүн, иш качан башталарын айтып берди.

БИШКЕК, 31-янв — Sputnik, Азамат Аралбаев. Жапайы жаратылышты коргоо боюнча Леонардо Ди Каприонун фонду "Кыргызстандагы маралдарды реинтродукциялоо" долбооруна гранттык каражат бөлүп жатканын долбоордун жетекчиси Гамал Соронкулов Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналистине кабарлады. 

Анын айтымында, маралдарды мурунку мекендеген аймактарына кайтарууга белсенген коомдук уюм түзүлүп, Кристенсен фонду менен биргеликте иш алып барууда.

Нагизги максат

Бул долбоордун башкы максаты Нарындагы корукта багылган тянь-шянь маралдарын Аксы районундагы Авлетим аскаларына реинтродукциюлоо (сейрек кездешүүчү жаныбарларды мурунку мекендеген жерине кайтаруу) болуп саналат. Алан-Тоо аскаларында атайын жаныбарларды багуучу жай курулат. Нарында жалпысынан 300гө чукул марал бар.

"Аксы районунун тургундары маралдарды коргоого даяр. Браконьерлер кармалган учурлар кездешкени менен жергиликтүү тургундар жаныбарларды атпоо керектигин түшүнүп турушат", — деди Сооронкулов.

Анын айтымында бул ойду Леонардо Ди Каприонун фонду колдоого алып, 30 миң доллар бөлүп берген. Негизги каражат жаныбарларды ташып өтүүгө керектелет. Долбоор боюнча алгач он маралды которуу мерчемделүүдө. 

Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинен билдиришкендей бул аракет мекеме тараптан колдоо тапкан. Адистердин айтымында, маралдарды ташууда көйгөйлөр жаралышы мүмкүн, андыктан алгач төрт жаныбарды алып өтүү сунушталган. 

"Биз мамлекеттик агенттик менен сүйлөшүүлөрдү дагы улантабыз. Азырынча которула турган маралдардын так саны аныктала элек. Илимдер академиясынын адистеринин айтымында, маралдар коркок жаныбар болгондуктан ташып өтүүдө жүрөгү токтоп калышы мүмкүн", — деди Соронкулов. 

Алдын ала түзүлгөн план боюнча Аксы районуна алгач маралдар атайын унаа менен жеткирилип, андан ары тик учак менен тоо бооруна чыгарылат. 

"Негизги каражат жаныбарларды ташып өтүүгө кетет. Биздин балдар эч кандай маяна албай иштеп жатышат", — деди долбоордун жетекчиси.

Жаныбарлар жайгашчу жай

"Маралдары жайгашуучу аймак 600 гектар аянтты ээлейт, анын ичинде 150 гектары токой болуп саналат. Ал жайды Германиядан келген атайын зоологдор изилдеп чыгышкан. Жыйынтыгында Аксынын аскалары маралдар үчүн ыңгайлуу экенин белгиленген", — дейт Сооронкулов.

Анын айтымында, бул — өлкөлөр аралык долбоор. Быйыл жаныбарлар Жалал-Абадга алып келинсе, кийинки жылы башка аймактарга ташылып, ал аймактар сынактын негизинде тандалмакчы. 

Сооронкулов бул ойду ушул жылдын май, июнь айларында ишке ашуусу керектигин белгиледи. Учурда даярдык иштери жүрүп жатат. 

Мамлекеттик агенттиктин билдирүүсүндө, Кыргызстан боюнча 427 марал бар, алар Сары-Челек, Нарын жана Ысык-Көл облусун мекендешет. 

Актер Леонардо Ди Каприо 1998-жылы адамдардын табият менен таттуу мамиледе болуусун көздөгөн кайрымдуулук фондун ачкан. 

15 жыл ичинде актёр миллиондогон жардамдарды көрсөтө алган. Мындан сырткары, бул уюм илбирстерди көбөйтүү Фондусунун курамына кирет. Ал уюмга он эки өлкө менен бирге Кыргызстан да мүчөлүк кылат.

474
Белгилер:
Нарын, Аксы, жаныбарлар, тоо, аска, марал
Тема боюнча
Илбирстер ууга чыкты. Видео-капкандан алынган кадрлар
Кыргызстандын жоголуп бара жаткан жаныбарлары сүрөттө
Кол чатыр көтөрүп баратан жуп. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

280
23-октябрда өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Ишембиде республиканын тоолуу райондорунда жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +6…+11, Талас өрөөнүндө +5…+10, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +9…+14, Ысык-Көлдө +2…+7, Нарында 0…+5 градус болот.

Бишкек жана Ош шаарларында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо +9…+11, Ош шаарында +11…+13 градусту көрсөтөт.

280
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Күнгө чагылышкан алтын күз. Бишкектин көз талдырган видеосу
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив

Россиялыктар арасында бир апталык эс алууда Кыргызстанга келгиси келгендер бар

115
(жаңыланган 23:15 22.10.2021)
Россиядагы коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал оорлошуп кеткенине байланыштуу өлкө президенти Владимир Путин 30-октябрдан 7-ноябрга чейин дем алыш жарыялаган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Россиянын саякаттоо сервиси боюнча анализ жүргүзгөн Туту.ру сайты алдыдагы бир апталык деп алышта жарандар кайсы мамлекеттерге көбүрөөк бара турганын жарыялады.

Россиянын жашоочулары 30-октябрдан тарта 7-ноябрга чейин барып келүүнү пландаган алдыңкы 10 мамлекеттин ичинде Кыргызстан дагы бар.

Россиялыктар барууну пландаган өлкөлөрдүн ондугу (эл аралык авиакаттамдарга билет алгандардын жалпы санынан пайыз менен бөлүп көрсөтүлөт):

  • Өзбекстан — 16,6 пайыз;
  • Армения — 14,1;
  • Түркия — 13,5;
  • Кыргызстан — 9,6;
  • Азербайжан — 6,6;
  • Молдова — 6,1;
  • Беларусь — 4,4;
  • Кипр — 3;
  • Казакстан — 2,8;
  • Египет — 1.

Эске салсак, Россиядагы коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал оорлошуп кеткенине байланыштуу өлкө президенти Владимир Путин 30-октябрдан 7-ноябрга чейин эс алуу жарыялаган. Ошондой эле ал абал жакшырбаса, дем алыштын мөөнөтү узартыларын кошумчалады.

115
Белгилер:
Россия, пандемия, эс алуу, билет, Кыргызстан
Тема боюнча
Россиялыктар коронавирустан улам 30-октябрдан 7-ноябрга чейин эс алмай болду
Москвада коронавирустан улам бир катар чектөөлөр кирди. Тизме
Голос долбоорунун сахнасы. Архив

Кыргызстандык "Голос" шоусуна катышып, Билан менен Агутинди таң калтырды

0
(жаңыланган 00:18 23.10.2021)
Бишкектик ырчы Адилет Жумабековду дароо үч насаатчы командасына алгысы келди. Ал долбоордогу чыгармасын апасына арнаган.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Адилет Жумабеков Россиянын "Голос" шоусунун кийинки этабына өттү.

Бул шоуда насаатчылар аткаруучуларды артты карап алып угуп, жакса бурулушат. Адилет кесипкөй ырчы эмес экенин, бирок бир нече аспапта ойной турганын айткан.

"Апам төрт баланы жазгыз өстүрдү. Мен музыкалык окуу жайда окучумун, бирок финансылык кыйынчылыктан улам музыкант, ырчы болуп иштеп кеткем. "Голос" долбоору — менин көптөн берки кыялым", — деген Жумабеков.

30 жаштагы бишкектик ырчы долбоордо Boyz II Men — End of the road ырын аткарды. Ал ырдап жатканда Александр Градский, Леонид Агутин менен Дима Билан бурулуп караган. Залда отургандар да ага кол чаап, "Баракелде!" деген. 

Пелагея кыргызстандык ырчынын аткаруусуна таң берген, Агутин стилин жана тембрин баалаган, Билан дагы аны өз командасынан көргүсү келип жатканын билдирген. Натыйжада Жумабеков Биланды тандаган.

0
Белгилер:
Россия, 'Голос' долбоору, ырчы
Тема боюнча
Бишкекте "Орто Азия романсиадасы" конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Сүрөт