ИИМ: интернеттеги эшектин башы тартылган сүрөт Кыргызстанда тартылган эмес

© SputnikFacebook тармагында жарыяланган эшектин башын кармап турган аялдын сүрөтү.
Facebook тармагында жарыяланган эшектин башын кармап турган аялдын сүрөтү. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция кызматкерлери эшектин башын кармап турган аялдын сүрөтүн интернет айдыңына жайылткан булак Кыргызстандан тыш жүргөнү аныктап, сүрөт чет жерде тартылып, жүктөлгөнүн тактады.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Facebook тармагында жарыяланган эшектин башын кармап турган аялдын сүрөтүн тарткан жаран Кыргызстандан тыш жакта жүргөнүн ИИМдин 10-башкармалыгы билдирди.

Буга чейин интернетке "Компромат кг" тайпасынын баракчасында союлган эшектин башын кармап турган аялдын сүрөтү жайгаштырылган. Андан кийин ал кеңири тарап кеткен. Бул окуя коомчулукта кеңири талкууга алынып, айрымдар коомдук жайларда эшектин эти пайдаланылуу мүмкүнчүлүгүн айтып чыгышкан.

Бул факты боюнча ИИМ кызматкерлери сүрөт жайылткан негизги булакты аныктоо боюнча аракеттер көрүлгөн. 

Текшерүү учурунда аталган сүрөттү үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрында саат 21.17де Казакстандын жараны болгон Арман аттуу пайдалануучу "В контакте" соцтармагындагы "Армия Мод" ачык тайпасынын баракчасына жүктөгөн. Андан соң сүрөттүн булагы ошол эле тармактагы "Қызықсың сен, братишка" баракчасына 28-январь күнү саат 18.32де жүктөлгөнү аныкталды.

Кыргызстандыктарды таң калтырып, чочуткан чет элдик тамактар
Мындан улам ИИМ кызматкерлери эшектин башын кармап турган аялдын сүрөтүн интернет айдыңына жайылткан булак Кыргызстандан тыш жүргөнү аныктап, сүрөт чет жерде тартылып, жүктөлгөнүн тактады.

Былтыр ушу маалда Сокулук районунун Манас айылынын аймагынан мурда чочко багылган сарайда эшекти союп саткандар аныкталган. Коомчулукта союлган эшектердин эттери шаардагы тез-татым жайларына жана кытай ашканаларына уйдун жана койдун эти деп жеткирилип турган деген маалымат да тарап кеткен.

Соцтармактарда бул жаңылык кызуу талкууланып, нааразычылыктарды жараткан. Эшек союп саткан жайлардын жанында митингдер өткөрүлгөн. Бирок ишкерлер эшек этинин коомдук тамактануу жайларына жеткириши тууралуу маалыматты четке кагып, эт Гонконгго экспорттолорун белгилешкен. Ал эми Мамлекеттик ветеринардык инспекция республикадан Кытай аймагына эшек эти экспорттолбой турганын жооп кылган. 

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, соттук териштирүүлөр жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0