Баш калкалаар жайы жок, артист байкуш кантти экен?..

© Исмаил МамытовБалкондо турган жатаканын жашоочусу. Архив
Балкондо турган жатаканын жашоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын желегин желбиретип, намысын коргоп келген өнөр адамдарынын арасында ушу кезге чейин студенттик жатаканада күн кечирип келгендери кездешет. Ошол жерден агарып-көгөрүп, ошол жерден кыз узатып, уул үйлөп үйү тар болсо да пейили кенен маданият ишмерлери жакшылыктан үмүт үзбөй келе жатышат.

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жатаканасында Кыргыз эл артисттери, профессорлор да жашай турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине жатакананын коменданты Жаңыл Тиленчиева айтып берди.

Анын айтымында, бул инсандар — өз жумушуна өмүрүн арнаган фанаттар, учурда өкүмү күч рынок шартына ыңгайлаша албай, куулук-шумдук менен иши жок өнөр деп жашаган адамдар.

"Жатаканада 30 жылдан бери жашагандар бар. Алардын үйүнө жата турчу коноктор көп келбейт. Жоро-жолдошторун бөлмөсүнөн коноктоп узатышат", — дейт Тиленчиева.

Адабият мугалими: балдарымды багуу үчүн ТЭЦ таштандысында көмүр издеп жүрөм
Күндөп-түндөп концерттерде жүрүп жатаканага түн бир оокумда келип калса айрымдары вахтершаны ойготкондон тартынып, босогону аттабай эшикте таң атырган учурлары кездешет. 

Жатаканада жашаган өнөр адамдары менен байланышканыбызда, көпчүлүгү маалымат берүүдөн тартынышты. Алардын айтымында орто жашка келип үйсүз жүрүү өтө оор. Башкаларга акыл айткандан да айбыгып турушат. "Өзү үйү жок болуп туруп, акыл айтат" деген сөздөн коркушат. Эл адамы болгондуктан тууган, тааныш дегендери көп. Алардын көпчүлүгү астанадан аттабай кетүүгө аргасыз. Айылдан келген туугандарды батыра албай убара тартабыз дешет маданият өкүлдөрү. Бирок ага карабастан атын атагысы келбеген маданият өкүлүн кепке тарттык.

"Мен билгенден жатаканада жашап, бул дүйнөдөн өтүп кеткен эл артисттер, аттуу-баштуулар болгон. Учурда биз да айла жоктон жашайбыз. Жумушубузду сүйгөнүбүз үчүн, ипотекага үй алып, аны төлөө үчүн акчаны кууп кете албайбыз", — дейт замандашыбыз. 

"Чек арачыларга, милиция кызматкерлерине үйлөр салынып жатат, биздин маданият өкүлдөрүнүн көчөсүндө да майрам болорун күтүп келебиз", — дейт маектеш.

Ал эми буга чейин өнөр адамдары үчүн Бишкекте атайын жер тилкеси бөлүнүп берилгени тууралуу маалымат айтылган. Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутовдун айтымында, учурда маданият ишмерлерине арналган турак жай куруу үчүн жер тандалган. 

"Бишкектеги Кара-Жыгач аймагынан жер бөлүнгөн, учурда документтери такталып жатат. Документтери такталса эле, көп кабаттуу үй салынат. Азыр демөөрчүлөрдү издеп жатабыз. Буга чейинки өнөктөштөрдүн баасы кымбат болгондуктан алардан баш тартууга туура келди", — деди Максутов.

Министр батирлерди бөлүштүрүү ар бир мекеменин сунушу менен жүрөрүн эскертти. Мында көп жылдык тажрыйбасы, мамлекеттен алган наамдары каралып, ардактуу эс алуудагы инсандар эске алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0