Памир кыргыз кызы. Архив

Памир кыргыздарынын беш үй-бүлөсү Кыргызстанга көчүрүлөт

1012
(жаңыланган 13:07 03.02.2016)
Алар үчүн Оштун Чоң-Алай районунан 20 гектар жер тилкеси каралган. Бул маселе Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздарга жардам көрсөтүү үчүн уюштурулган экспедиция маалында да бышыкталат.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 10-февралынан 10-мартына чейин Афганистандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздарга жардам көрсөтүү үчүн экспедиция уюштурула турганын Мамлекеттик миграция кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, этникалык кыргыздарга гуманитардык, материалдык жана медициналык жардам көрсөтүлүп, экспедиция маалында Кыргызстанга беш үй-бүлөнү көчүрүү маселеси каралмакчы.

"Көчүрүлүп келе турган мекендештерибиз үчүн Ош облусунун Чоң Алай районунан 20 гектар жер алдык. Учурда алар деңиз деңгээлинен 4500 метр бийиктикте жашагандыктан, алардын ден соолугун да тыкыр көзөмөлгө алуу зарыл. Кыргызстанга бул жакка келүүнү каалагандар гана көчүрүлүп келмекчи", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Памир кыргыздарына үч ирет экспедиция уюштурулуп, гуманитардык жардам берилип келген. 

2014-жылдан тарта иштей баштаган Кыргызстандын Афганистандагы элчилигинин жардамы менен памир кыргыздарынын 80 пайызы афган паспортуна ээ болгон.

Учурда Памирде 1400 этникалык кыргыз жашайт.

1012
Белгилер:
жардам, экспедиция, Улуу Памир, Кыргызстан, Кичи Памир
Тема:
Памирлик кыргыздар (82)
Тема боюнча
Памирлик боордошторго чет жакта жашаган кыргыздар да кол сунууда
Памир кыргыздары тууралуу фотокөргөзмө Стамбулда ачылды
Медициналык кызматкер ооруканада компьютер менен иштеп жаткан учурда. Архив

Кыргызстан "COVID-19 жок саякаттайм" платформасына кошулду. Артыкчылыгы

5
(жаңыланган 20:01 01.03.2021)
Система Евразия экономикалык бирикмесине мүчө мамлекеттер ичинде иштейт. Тиркемени App Store же Google Play интернет дүкөнүнөн жүктөп алууга болот.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстан "COVID-19 жок саякаттайм" санариптик платформага кошулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, платформага тесттик режимде эки аккредитациядан өткөн лабораторияларда бар. Тагыраагы, бири Ооруларды алдын алуу мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинде (Бишкек) болсо, экинчиси Оштогу Санэпидкөзөмөл борборунда.

Саламаттык сактоо министрлиги система кантип иштей турганын түшүндүрүп берди. Коронавируска ПЦР-тест тапшыруу үчүн жаран App Store же Google Play интернет дүкөнүнөн "COVID-19 жок саякаттайм" тиркемесин көчүрүп алышы керек. Ал тест тапшырууга мүмкүн болгон жакынкы жердеги лабораториянын дарегин көрсөтүп берет. Лабораторияга барган кезде тесттин жыйынтыгын тиркеме аркылуу алуу ниетин билдирүү керек. Мындай учурда жаранга анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугун сураган бланк берилет. Бланкадагы QR-кодду мобилдик тиркеме аркылуу сканерлеп алуу зарыл.

Система ЕАЭБ аймагында гана инфекциянын жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында иштейт. Тизмеге жеке клиникаларды дагы кошуу пландалып жатат.

Буга чейин системага Беларусь, Армения жана Россия кошулган.

5
Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, система, тест, тиркеме, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Жер жашоочуларынын 10%ында гана COVID-19га каршы антитело бар
COVID жуктурган кош бойлуулар көбүнчө эрте көз жарат. Иликтөө

Брюс Лини туураган Нурмухаммед өзгөчө өнөрү менен рекорд койду. Видео

61
(жаңыланган 18:20 01.03.2021)
Брюс Линин ыкмаларын дал өзүндөй жасаган кыргызстандык жеткинчек Нурмухаммед Ташмаматов Россиянын Биринчи каналы уюштурган "Я почти знаменит" долбооруна катышты. Ал нунчакты колдонуп, өнөрүн тартуулады.

Кыргызстандык бала бир мүнөттүн ичинде теннис столунун үстүндө нунчак менен 49 ирет топту тосуп кайра урган. Рекорддун видеосу Interrecord эл аралык агенттигинин YouTube-каналына жарыяланды.

Interrecord — рекорддорду каттоого алган эл аралык агенттик. Алар 10 жаштагы кыргыз баланын рекордун расмий түрдө каттоого алган. Бул боюнча сертификатты Ташмаматовго агенттиктин директору Влад Капыло тапшырган.

"Я почти знаменит" долбоору Биринчи каналда (Россия) жыл жаңырганда башталган. Анда катышуучулар телекөрүүчүлөргө элде жок өнөрлөрүн көрсөтөт. Ар бирине мүмкүнчүлүк берилип, аларды үч адамдан турган калыстар тобу баалайт.

Ар бир тандоо турунда 11 катышуучу финалга чыгуу үчүн таймашат. Программанын баш байгеси — үч миллион рубль.

Белгилей кетсек, Брюс Лини туурап, анын ыкмаларын жасаган кыргызстандык бала буга чейин Биринчи каналдын "Лучше всех" долбооруна да катышкан.

61
Белгилер:
Нурмухаммед Ташмаматов, видео, өнөр, теннис, рекорд, жеткинчек, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандык кыз "Лучше всех" шоусунда спорттун өзгөчө түрүн көрсөттү. Видео