Сариев: Сулайман-Тоо музейинин айланасында курулушка жол бергендер жоопко тартылат

© Екатерина ИващенкоСулайман-Тоо музейи. Архив
Сулайман-Тоо музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр 20 күндүн ичинде Сулайман-Тоо музей-комплексин ар тараптан өнүктүрүү жана колдоо боюнча токтом даярдоону жана үзгүлтүксүз каржылоону тапшырды.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Эң ири тарыхый жана маданий байлыктардын бири Сулайман-Тоого көңүл буруу күчөтүлө турганын премьер-министр Темир Сариев аталган тарыхый-археологиялык музей комплексин өнүктүрүү боюнча жумушчу жыйында билдирди.

Анын айтымында, Сулайман-Тоо Кыргызстан үчүн абдан тарыхый баалуу жана маанилүү объект, аны комплекстүү өнүктүрүү боюнча тез арада чечимдер кабыл алынышы зарыл.

"Өз убагында айрым жетекчилер аз акчага азгырылып, комплексттин аймагында ар-кандай мыйзамсыз жайларды курууга уруксат берип жиберген. Мында жергиликтүү бийликтин тиешеси бар. Бул кемчиликти оңдоп, иретке салчу мезгил келди. ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирген жайды туруктуу өнүктүрүү жана сактоо боюнча ишти активдештирүү керек", — деди Сариев.

Премьер-министр комплекстин аймагында мыйзамсыз курулуштарды курууга уруксат берген жетекчилердин жоопкерчилигин каралышы керектигин билдирди. Ошондой эле Сулайман-Тоону иретке келтирүү жана өнүктүрүү үчүн аны каржылоо маселесин чечүүнү тапшырды.

Бишкектеги борбордук мечиттин асмандан көрүнүшү. Көк тиреген мунаралар
Сариев Сулайман-Тоону өнүктүрүүгө мындан ары өтө чоң маани берилерин билдирип, аны үзгүлтүксүз каржылоо жана баалуулугун арттыруу боюнча активдүү иштер жүрөрүн белгиледи.

Анын алкагында вице-премьер Гүлмира Кудайбердиевага 20 күндүк мөөнөт ичинде Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык комплексин өнүктүрүү боюнча токтом даярдоону тапшырды. Аталган токтомдо комплекске тиешелүү бардык маселелерди чечүүнүн жолдору камтылышы керек.

Ошондой эле Финансы министрлигине комплексти үзгүлтүксүз каржылоо боюнча сунуш киргизүү, ал эми Ош шаардык мэриясына Сулайман-Тоону иретке келтирүү жана жашылдандыруу боюнча иштерди күчөтүү милдеттендирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0