Сооронбай Жусуев 6-февралда "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук гвардиянын жоокерлери зыйнат учурунда. Архив
Улуттук гвардиянын жоокерлери зыйнат учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең мененки саат 9.30да Кыргыз улуттук драма театрында өтөт.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргыз Эл баатыры Сооронбай Жусуевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-февралда саат 9.30да Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Белгилүү акын, Токтогул сыйлыгынын ээси Сооронбай Жусуев 91 жаш курагында 4-февралда каза болду.

Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0