Президент Кыргыз Эл баатыры Сооронбаев Жусуевдин үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлдү

Жазылуу
Кыргыз эл акыны эртең, 6-февраль күнү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин үй-бүлөсүнө 100 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Эл баатыры, Токтогул сыйлыгынын ээси Сооронбай Жусуев 91 жаш курагында 4-февралда каза болду.

Улуу залкарды акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-февралда саат 9.30да Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында өтүп, маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0