Сирияга чыгып кеткен Таластын эки тургуну КР жарандарын азгырып турушкан

© AFP / Louai BesharaДамаск шаары, Сирия. Архив
Дамаск шаары, Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК Сирияда жүрүп кыргызстандыктарды согуштук аракеттерге катышууга азгырып келген эки таластык жаранга издөө жарыялады.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында эл аралык террористтик топтун согуштук аракеттерге үндөөчүлөрүн аныктап чыкканын аталган мекеме билдирди.

"Талас облусунун 30 жана 23 жаштагы эки тургуну Сириянын аймагында согуштук аракеттерге катышып жаткандыгы аныкталды. Муну менен бирге алар КР жарандарын азгырып, жалдоо менен алектенери ырасталды", — деп айтылат билдирүүдө.

УКМК 30 жаштагы жаран былтыр жубайы менен үч баласын Сирияга жөнөтүп жибергенин белгилейт. Учурда экөөнө тең издөө жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0