Муфтият китеп окуу сынагын жарыялады

Жазылуу
Конкурс Мухаммед пайгамбарды таанытуу максатында, элге ал жөнүндө так маалымат берүү үчүн өрнөктүү өмүр жолун жана анын осуяттарын окутуу максатында өткөрүлмөкчү.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кыргызстанда "Ислам — тынчтыктын жарчысы" аттуу китеп окуу сынагы башталганын муфтият кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстан ислам университети, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана "Адеп башаты" коомдук фонду тарабынан уюштурулууда. 

"Конкурс Мухаммед пайгамбарды таанытуу максатында, элге ал жөнүндө так маалымат берүү үчүн өрнөктүү өмүр жолун жана анын осуяттарын окутуу максатында өтмөкчү. Иш-чара Радиус Салихин (тандалган хадистер), Мухаммед пайгамбардын өмүр баяны жана Абу Ханифа китептери боюнча болот ", — деп айтылат билдирүүдө.

Конкурска катышууга катталуунун акыркы мөөнөтү 2016-жылдын 25-мартына чейин жүргүзүлөт. Сынак 10-апрелде облустардын борбор шаарларында гана болуп, үч китеп боюнча өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0