Башкы прокуратура: №50 жана №1 абактын жетекчилигине козголгон кылмыш иши сотко өттү

Жазылуу
Аталган абактын жетекчилигине карата түрмөдөн тогуз кылмышкердин качып чыгышы жана абактын жетекчиси Телтаевдин өлүмү боюнча эки кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кылмыш жаза кодексинин "Шалаакылык" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып жаткан №50 жана №1 түрмө кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жиберилгенин Башкы прокуратура билдирди.

Петровкадагы түрмөгө баңгизат ташыгандар кармалды
Эскерте кетсек, былтыркы жылдын 11-октябрында Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 абактан тогуз кылмышкер качып чыккан. 

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, башкы айыпталуучу болгон түрмөнүн жетекчиси Иманкул Телтаев №1 абакка камакка алынган. Бирок 20-ноябрга караган түнү абак камерасынан анын асынып өлгөн сөөгү табылып, бул боюнча кылмыш иши козголгон

Эми №50 жана №1 түрмөнүн жетекчилерине карата козголгон кылмыш иштери сотто каралат.

Жаңылыктар түрмөгү
0