Ак-Сууда милиционерлер пара берүүгө чамасы келбеген тургундун топозун сойдуртуп кетти

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖайыттагы топоздор. Архив
Жайыттагы топоздор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач укук коргоо органдарынын кызматкерлери тургундан 50 миң сом акча талап кылышкан. Андан кийин малын сойдуртуп, этин жүктөп кетишкен. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү Ак-Суу районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгонун УКМК билдирди.

Кол кишен жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто студенттен акча талап кылган аскердик кафедранын куратору кармалды
Маалыматка ылайык, милиционерлер жергиликтүү тургундун мойнуна күнөө тагып, аны камоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу опузасы менен 50 миң сом талап кылышкан. Акча каражатынын жоктугунан улам топозун сойдурууга мажбурлап, этин алып кетишкен.

Бул факт боюнча УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын материалдарынын негизинде Ак-Суу райондук прокуратурасы Кылмыш жаза кодексинини 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 305-беренеси боюнча (Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) кылмыш ишин козгоду.

Азыркы маалда тергөө амалдары жүрүп жатканы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0