Мугалимдер жана окуучулар үчүн дин боюнча китепче чыкты

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүДиний китептер. Архив
Диний китептер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Методикалык пособие окуучулар менен мугалимдердин диний сабаттуулугун арттыруу максатында Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссия менен биргеликте иштелип чыкты.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Орто мектеп мугалимдери менен окуучулардын диний сабаттуулугун арттыруу максатында "Мамлекет жана дин" аттуу методикалык пособие иштелип чыкканын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, китепче Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссия менен биргеликте иштелип чыкты. 200 нуска менен чыккан пособиенин 150сү — кыргыз, ал эми 50сү — орус тилинде.

"Окуу китепчеси мугалимдер менен окуучулардын Кыргызстандагы диний кырдаал менен маалымдар болуусун көздөп, бул жааттагы мамлекеттик саясат жана өлкөдөгү диний уюмдардын иши менен тааныштырат", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин аталган министрлик мектеп окуучулары жана мугалимдер үчүн дин боюнча бир катар тренингдерди өткөрүп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0