Тарас Токомбаев дүйнө салды

Жазылуу
Кечээ саат 19:30дарда Тарас Токомбаев жүрөгү токтоп, көз жумду.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Согуш жана ооруктун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлер уюмунун төрагасы Тарас Токомбаев дүйнө салганын уюмдун өкүлү Качкын Саргазаков билдирди.

Кыргыз Эл баатыры, Токтогул сыйлыгынын ээси, залкар акын Сооронбай Жусуев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Эл баатыры Сооронбай Жусуев каза болду
Ал маркумдун сөөгү атасы Аалы Токомбаевдин музейинен эртең, 11-февралда алынып чыгып, Ала-Арча көрүстөнүнө саат 11де коюларын маалымдады. 

Тарас Токомбаев 1930-жылы 5-июлда Москва шаарында төрөлгөн. 

Кыргыз-татар достук жана шериктештик уюмунун президенти Хабибулла Газиев эки күн мурда Тарас Токомбаев менен кезиккенин айтты.

"Тарас Алиевич менен  23-февралга пландалган согуштун ардагерлери менен мектеп окуучуларынын жолугушуусу тууралуу сүйлөшкөн элек", деди  Газиев. 

Тарас Токомбаев, залкар акын Аалы Токомбаевдин уулу болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0