Сариева: көп тилдүү мугалимдер мамлекеттик тилди өнүктүрө алат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз тилин үйрөнүү китебин кармаган адам. Архив
Кыргыз тилин үйрөнүү китебин кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көп тилдүү билим берүү программасы өзүнө Кыргызстандын 56 пилоттук мектебин камтыган.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Көп тилдүү мугалимдер мамлекеттик жана расмий тилди өнүктүрүүгө чоң салым кошо алат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Элвира Сариева көп тилдүү жана саясий-маданий билим берүү боюнча кеңештин жыйынында билдирди.

Тил эрежелерин бузуу менен тагылган көрнөк-жарнак ээлерине чара көрүлөт
Министрликтин маалыматына ылайык, жыйынга Европа коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмунун (ЕККУ) улуттук азчылык боюнча комиссариатынын жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрү катышты.

Министрдин айтымында, көп тилдүү билим берүү программасы өзүнө Кыргызстандын 56 пилоттук мектебин камтыган. Мындан тышкары, аталган программага өлкөнүн жогорку окуу жайлары да тартылган.

"Көп тилдүү мугалимдерди даярдоо улуттук азчылык басымдуулук кылган мектептер үчүн зарыл. Бул программа эне тилди сактоо менен мамлекеттик жана расмий тилдин кеңири колдонулушуна шарт түзөт", — деди Сариева.

Кыргызстанда көп тилдүү билим берүүнү жайылтуу программасы министрлик ЕККУ, ЮНИСЕФ жана Сорос фонду менен биргеликте ишке ашырууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0