ИИМ таластыктарга терроризм менен диний экстремизмдин кесепеттерин түшүндүрдү

© Фото / пресс-служба УВД Жалал-АбадЭкстремизм тууралуу баракча кармаган адам. Архив
Экстремизм тууралуу баракча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага жаштар уюмдары, мечит имамдары, аялдар жана мектеп окуучулары катышты.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгы Талас облусунда диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

"Ислам мамлекетине" мүчө болгон Борборазиялыктар Уралда кармалды
Маалыматка ылайык, бул иш-чарага жаштар уюмдары, мечит имамдары, аялдар жана күч түзүмдөрү катышып, ал эми жогорку класстын окуучулары үчүн атайын лекциялар уюштурулду.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн экстремизм менен терроризмге каршы туруу чаралары сунушталып, күч түзүмдөрү менен коомчулуктун ортосундагы байланыш талкууланды.

ИИМ мындай иш-чаралар республиканын башка аймактарында да өткөрүлөрүн белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0