Жээнбаева: ипотека кызмат учурунда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө да берилет

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСкворечники. Архив
Скворечники. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы билим берүү кызматкерлерине ипотекалык насыянын чоо-жайын түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Мамлекеттик ипотекалык насыя кызмат учурунда, аскердик кызмат өтөө маалында, адам куткарып жатканда курман болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө бериле турганын Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Бактыгүл Жээнбаева билдирди.

Көп кабаттуу үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Февралдын ортосунан баштап мамлекеттик ипотека насыясы бериле баштайт
Маалыматка ылайык, аталган мекеменин жетекчиси кечээ билим берүү жана илим министри Элвира Сариева менен жолугушуп, ага министрликтин кызматкерлери, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, ЖОЖ ректорлору, колледж директорлору жана мугалимдер катышты.

Жээнбаеванын айтымында, "Жеткиликтүү турак жай" программасы боюнча ипотекалык насыяны бюджеттик уюмда иштеген 21 жаштан жогорку жарандар ала алышат. Мында курактык акыркы чек насыянын бардык суммасын төлөө маалында 65 жаш болот. Ипотека алуучу кызматкерждин жалпы иш стажысы үч жылдан кем болбошу шарт. 

"Мындан тышкары, насыя кызмат учурунда, аскердик кызмат өтөө маалында, адам куткарып жатканда курман болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө берилет. Ошондой эле көп балалуу үй-бүлөлөр жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар ата-энелер ала алышат", — деди Жээнбаева.

Мында насыя алуучунун өзүнүн турак жайы жок болуп, акыркы үч жыл аралыгында кыймылсыз мүлк сатуу-сатып алуу операциялары катталбашы керек. 

"Алгачкы төлөм жалпы сумманын 10 пайызын түзөт. 10-20 пайыз төлөм төлөгөн кардардын үстөгү жылына 14 пайызды түзсө, 20-30 пайыздык төлөмдүкү 13 пайыз болот. Ал эми 30 пайыздан ашуун төлөгөн кардардын үстөгү 12 пайызды түзөт. Насыя 15 жылга берилет", — деди Жээнбаева.

Ипотекалык компаниянын маалыматы боюнча турак жайдын аянты 70 чарчы метрден, ал эми жер үйдүкү 150 чарчы метрден ашпашы кажет.

Сариеванын айтымында, учурда турак жай маселеси бардык социалдык чөйрөдө курч турган көйгөй. Министр бул маселени чечүү үчүн өкмөт бюджеттик кызматкерлерге насыяны төмөнкү пайыз менен берүү маселесин иштеп жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0