Чыңгыз, сегизөө, бойок, Премьер-министр – ката көрүп жатасызбы?

© Ишенбеков УланФилология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев.
Филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев өлкөдөгү жарнактардан тартып, гезит-журналдарга чейин кыргыз тилинин жазуу эрежелери одоно бузулганын байкаса болорун айтат.

Сегизөө, тогузоо, Кыргыз Республикасынын президенти, кеңейет деген сөздөрдөн ката таба алдыңызбы? Бардыгы туура жазылган деп эсептегендерге филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев "эки" деген баа коюуга даяр экенин айтып, Sputnik Кыргызстан агенттигине кыргыз тилинин жазуу эрежелери тууралуу маек куруп берди. 

— Ишенбек агай, кыргыз тилинде туура эмес айтылып жана жазылып жаткан сөздөрдү көп эле байкасаңыз керек?

Кыргыз тилин үйрөнүү китебин кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариева: көп тилдүү мугалимдер мамлекеттик тилди өнүктүрө алат
 Ананчы, баралы, келели деген сөздөр барайлы, келейли болуп калса, йоттошкон тамгаларды айрымдар такыр эле туура эмес жазышат. Мисалы, "кеңейет", "чийет" же "кеңейэт", "чийэт" деп жазуу туура эмес. Эреже боюнча, "йэ" тыбышын билдирүү үчүн йоттошкон "е" тыбышы колдонулуп кеңеет", "чиет" деп эле жазылат. Ал эми "бойок", "тойот", "сойот" дебестен "боёк", "тоёт", "соёт" деп жазуу керек. Анан жамдама сан атоочторду жазууда да каталарды көп кездештирем. Алтоо, жетөө деп келип эле андан ары сегизөө, тогузоо деп улантып кете беришет. Эреже боюнча "Оо", "Өө" созулма тыбыштары жетиге чейин эле уланат. Андан аркы сандарга "Оо", Өө" жалганбайт. Мисалы, "алардын жетөөсү" деп жазса болот, ал эми сегизге келгенде "алардын сегизөө" эмес, "алардын сегизи" деген туура болот. 

 Айрым жарандардын документтерине Айгуль, Бактыгуль, Жазгуль деп жазылып калган ысымдар кездешет. Мындай учурда журналисттер жазуу эрежесине таянып туура жазуулары керекпи же документтеги ысымды көрсөтүү маанилүүбү?

—  Туура меселени айтып жатасыз. Калкты жана жарандарды каттоо мамлекеттик департаментинде иштеген кызматкерлердин бардыгы улутуна карабастан кыргыздын тамгаларын жатка билүүлөрү керек. Бул саясаттан мурда жарандарды сыйлоо болуп эсептелет. Мисалы, Бактыгүл деген атты Бактыгул деп жазып койсо ал эркектин аты болуп калат. Өмүралиев деген фамилияны Умералиев деп койсо жакшынакай өмүр деген сөз "умер" деген маанини берип калат. Мындай, калпыстыкты болтурбоо үчүн ысымды туура жазган журналисттерди эмес, документке туура эмес жазган кызматкерлерди жоопко тартуу керек деп эсептейм. 

© Фото / Ишенбеков УланИнтервью с кандидатом филологических наук Ишенбеком Султаналиевым
Интервью с кандидатом филологических наук Ишенбеком Султаналиевым - Sputnik Кыргызстан
Интервью с кандидатом филологических наук Ишенбеком Султаналиевым

 Орус тилине ылайыкташып жазылып калган ысымдардан сырткары Сагымбай, Чыңгыз деген аттарды Сагынбай, Чынгыз деп да жазып калабыз. Эреже боюнча кайсынысы туура болот?

—  Ысымдын туура жазылышын билүү оңой эле. Ал үчүн уңгу, мүчөгө ажыратып коюу жетиштүү. Мисалы, Сагымбай деген ысымдын уңгусу "Сагым" болуп калат. Кыргызда сагым деген сөз жок, сагын деген сөз бар. Балалуу боло албай жүрүп балалуу болгондор "сагынганда көргөн балам" деп Сагынбай, Сагынбек деп ат коюшкан. Демек, Сагымбай эмес Сагынбай, Чыңгыз эмес Чынгыз, Атамбай эмес Атанбай деп жазуу туура болот. 

 Анда өлкө башчынын фамилиясын Атанбаев деп жазыш керекпи? Дегеним, эки учурда тең уңгу сөз "Атан", "Атам" деп маани берип тургандай. 

—  Эгер кыргыз тилинин эрежесине таянып карай турган болсок, анда жазылгандагы туура варианты Атанбаев болот. Себеби, фамилиянын уңгу сөзү "ата" же "атам" деген сөздөн эмес "Атан" деген мааниден келип чыккан. Атан – бул чоң, күчтүү дегенди билдирет. Кыязы, анын документине биз жогоруда белгилеп кеткендей "м" тамгасы менен жазылып калса керек. 

 Келиңиз, анда бир гезитти алып андагы жазуу эрежелерин карап көрөлү, мүмкүн кесиптештерим дагы башка сөздөрдү туура эмес жазып жүргөндүр…

Тил эрежелерин бузуу менен тагылган көрнөк-жарнак ээлерине чара көрүлөт
—  Азыр кайсы гезитти алып келсең дагы толгон-токой ката таба алабыз. Бирок, мен журналисттерди күнөөлөгүм келбейт. Себеби, аларга кыргыз тилинин орфографиясын окуткан сабак киргизилген эмес. Ошентсе да, туура жазууга аракет жасаш керек. Бул гезитте "Премьер-министр" деп баш тамга менен жазылыптыр, эреже боюнча бир гана президентти баш тамга менен жазууга уруксат берилет. Калгандарынын бардыгы кичине тамга менен жазылат. Мисалы, Жогорку Кеңештин төрагасы "төрага" деген сөз кичине тамга менен жазылса, Кыргыз Республикасынын Президенти өңдүү расмий аталыштын бардык сөзү баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылат. Кийинки сүйлөмдү карайлы, "Кан ичээр Бакиевдер" деп жызышыптыр. Эгер этиш сөзгө арсар келер чактын "-ар" мүчөсү жалганса, соңку муундагы үндүү созулуп айтылганы менен жазууда буга жол берилбейт. Мындан улам, "ичээр" эмес "ичер" деп жазуу керек эле. Бул үстүртөн караганда эле табылган каталар, эгер ар бир сапты талдай турган болсок, гезит бети кызыл-ала болот. 

 "Процент" деген сөздү пайыз деп айтып келебиз. Айрым тилчилер пайыз деген сөздүн мааниси такыр башка экенин айтып калышат. Кайсынысын колдонсок туура жазган болобуз?

—  Кыргыздарда "процент" деген түшүнүк алгач болгон эмес. Ошондуктан, "процент" деген сөздү орус тилинен киргизип алганбыз. Бирок, учурда процент десе да, пайыз десе да эл бир маанини түшүнөт. Андыктан, экөөнү тең колдонсо боло берет. 

 Кыргыз тили бай тил дегенибиз менен айрым учурда кээ бир сөздөрдү орус тилинен которо албай кыйналган учурлар болот. Мындан улам кыргыз сөздөрү тездик менен керектен чыгып жатабы деген ой келет. 

Википедия сайтынын кыргызча барагы. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Википедияда жыл ичинде кыргызча макалалар эки эсе көп жайгаштырылды
—  Кыргыз тили абдан бай экендигинде шек жок. Мисалы, Махмуд Кашгаринин "Дивану лугати-т-түрк" эмгегинин 80 пайызында кыргыз сөздөрү кездешип жатат. Бул байыркы түрк тилдеринин негизин кыргыз тили түзгөндүгүнөн кабар берет. Ал эми казактарда болсо 70-80-жылдарга чейин чыгармачылык деген сөз жок болчу."Мухтар Ауэзовдун творчествосу" деп айтып келишкен. Үй-бүлө деген да сөз жок болчу, "семья" дешчү. Азыр кандай которушканын билбейт экенмин. Ал эми кыргыз тилине айрым сөздөрдү которо албай калып жаткан көрүнүштөр, тилдин унутулуп бара жатканынан кабар берет. Мисалы, "мыйзам" деген сөз араб тилинен алынган, бизче "төрү" деп айтылчу, бирок, ал унутулуп айтылбай калды. Алыска барбай эле жакшынакай ата-апа деген сөздүн ордуна "мама, папа" деп жатпайбызбы. Эгер мындай калыпта кете берсек мамасы да, апасы да унутулуп mother, father деген сөздөргө өтүп кетишибиз ыктымал. 

 Кыргыз тилин кантип сактоо керек деген маселенин тегерегинде далай талкуулар өткөрүлүп, жооптор берилди. Ошентсе да, сиздин пикириңизди уксак.

—  Тилди сактоо үчүн миллиондогон каражатты жумшаган күндө дагы, элдин тилге болгон мамилеси өзгөрмөйүн абалды өзгөртүү кыйын. Мектептерде кыргыз тили үйрөтүлгөнү менен үйдөгү ата-эне "мама", "папа" деп айттырып жатса, кандай өзгөрүү болмок эле. Коңшу өзбектерди алалы, аларда тил боюнча бир дагы мыйзам кабыл алынган эмес. Бирок, эл өз тилинде жакшынакай эле сүйлөп жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0